Бишкек ЖЭБине 24,6 миллион сомго видеобайкоочу камераларды сатып алуу пландалып жатат

"Электр станциялары" ишканасы Бишкек жылуулук электр борборуна 24 миллион 640 миң сомго видеобайкоочу камералар системин орноткону жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Маалым болгондой, камералар негизги жана кошумча жабдууларды байкоо үчүн орнотулмакчы.

Буга чейин ЖЭБдеги видеобайкоочу камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалышы боюнча маалыматты ЖЭБдеги жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов буга чейин айтып чыгып, бул коомдо кызуу талкууга алынган. Депутат аталган видеокамераларды сүрөткө тарта келген.

"128 камера деп маалымат берилген болчу, иш жүзүндө 123 камера жана бир сервер орнотулуптур. Жалпысынан 1 миллион 800 миң доллар сарпталган. 123 камеранын ичинен 8 камера атайын даярдалган кымбат камералар. Калган 115 камера жашоо турмушта, кафелерде, өндүрүштө колдонулуп жаткан эле камералар экен", - деген Жамангулов.

Улуттук энергетикалык холдинг: "ЖЭБдеги камералардын баасы 14,5 миң доллар эмес, 300 доллар. Аларды орнотууга 1 миллион доллардан ашуун каражат кеткен", - деп жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
salimbek87.kg
2018-08-29 08:43:48
Кайра башталды
+2
kechirmeni
2018-08-29 09:01:12
жеп уялбайт,тойбойт экенсинер да
+4
Erik2018
2018-08-29 09:28:01
Эми камераларга дагы мындан жумурткадан кыр издегендей эмне пайда чыгат. Тендер өтсө сапаттуу камералар алынганы жакшыда.

-3
Erik2018
2018-08-29 09:31:27
ЖЭБ боюнча кимдер гана камалган жок. Президент бул ишке маани бербегенден далай жетекчилер суудан курук чыкмак. Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында ушундай коррупциялык иштердин бети ачылып жатат. Ушундай нукта коррупцияга каршы күрөш улуна берсе мамлекетибиз аз эле убакытта бутуна туруп кетет беле. Эми артын ойлогон жетекчилер камераларды сапаттуу алган ашыгат болуш керек.
-2
Dalil
2018-08-29 09:58:10
Erik2018, ЖЭБде авария болбогондо жабылуу казан жабылуу бойдон калмак. Аны чукуп чыкканы эч бир депутаттын духу жетмек эмес. Себеби 90% депутат бизнесмен. Алардын артын чукуп бат эле оозун жаап коймок. Соке да эл ишениминен чыгып калбоо үчүн досуна каршы чыкканы аргасыз болду. Болбосо эчак алардын күнөөсүн мойнуна коюп жегенин кайра төлөтүп коймок. Өлкө казынасына баланча миллион сом которулду деп ким канча төлөп бергенин айтпады. Демек бул жөн гана элди алдоо.
+2
CEO1
2018-08-29 11:57:25
Башталды дагы. Сокени АША бийликке алып келди эле, алма сабагынан алыс тушпогону корунуп турат. Соке ачык эле Атамбаевдин коррупциялык кочун улантууда.

Кытайдан АШАга окшоп карыз алууда, коррупциянын баткагына баткан кочмондор оюнун откоруудо, коррупция, уурдоолор кашкайып корунуп турса да. Эми болсо бул.

Ошол 25 миллион сомго канча камера алынат, баасы канчадан болот, жазылбаптыр. 123 камера турганда дагы камера алуу керек беле?!! Эми канча сомдон алышат экен?!!
+1
Erik2018
2018-08-29 12:55:32
CEO1, Атамбаевдин убагында дал ушул ЖЭБ боюнча чыр чыккан. Анын аягы эмне болду азыр бүт баары түрмөдө отурат. Жээнбеков болбогондо жабылуу бойдон калып кетмек.
0
tnz
2018-08-29 09:36:43
Булардын баалары жакшы тигиге окшоп доллар эмес экен.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан