Бишкекте өткөн Эгемендүүлүк майрамынан фоторепортаж

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө. Анда президент Сооронбай Жээнбеков катышат.

09:30. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынан келген Кыргыз спортчулары, шаар тургундары келишти. Расмий ачылыш саат 10:00дө башталмакчы. Учурда даярдоо иштери жүрүүдө.

10:00. Президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастанбек Жумабеков, Бишкектин мэри Азиз Суракматов, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшенбиев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева келди. Майрамдын расмий бөлүгү мамлекеттик гимн менен башталды.

10:10. Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү. "Урматтуу мекендештерим! Жүрөгүндө оту, жүлүнүндө намысы бар кыргыз баласы үчүн эркиндик каны менен кошо айланган, көөнөрбөс баалуулук экенин соңку тарыхыбыз да далилдеп турат. Өлкөбүз акыркы чейрек кылымда эки элдик революцияны башынан өткөрдү. Мамлекеттин тагдырына элибиз кайдыгер болбой, ата бабалардын улуу жолун улаган коом үчүн, адилеттүүлүк үчүн улуу күрөшкө жан аябаган эл экенибизди далилдедик. Кыргыз элинин эркиндиги үчүн канын төгүп, шейит болгон баатырларыбызды бүгүн терең таазим этип эскеребиз", - деди президент.

10:15. Президенттин куттуктоосунан кийин Улуттук Гвардиянын жоокерлери өлкөнүн туусун аянтка алып чыгышты. Сахнада Мирбек Атабековдун, Кайрат Примбердиевдин жана башка ырчылардын коштоосунда бийчилер бийлеп жатышат.

10:25. Майрам уланууда. Сахнада ырчылар ырдап, бийчилер бийлеп жатышат. Бул концерттик иш-чараны көрүүгө миңге жакын тургундар келишти.

11:00. Майрамдык салтанаттын расмий бөлүгү соңуна чыкты. Азыр иш-чаранын экинчи бөлүгүнө кезек берилди.

12:00. Майрамдык концерт аяктады.

"Ала Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнү белгиленди

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
titanik32
2018-08-31 09:58:55
Эгемень ыраазы болсунь.
+2
haydarkan
2018-08-31 10:08:15
titanik32, сенда мэр боло тургансынго чырагым. .
+20
Djumahmatov
2018-08-31 12:33:15
titanik32,хахаха
+2
haydarkan
2018-08-31 10:06:52
Кыргыз элим эгемендуу майрамынар менен кутуктайбыз. Ощггчо форумчулар жана супер инфо жамаатын. Кайсы форумчу айтып жаткан АША ден соолугуна байланыштуу келе албайт эми деп :)
+1
leilekstan_1987
2018-08-31 10:23:54
haydarkan АША.нын келбегени жакшы а то келип алып балп этип тантып баары жокту каша кылат
+5
Erik2018
2018-08-31 10:07:04
Эгемендүүлүк күнүндө жаңы президент менен тосуп жатабыз. Сооронбай Шарипович жооштон жоон чыгат дегендей коррупция менен күрөшүп, бир катар аткаминерлерди камады. Бул Кыргызстандын тарыхында чоң жетишкендик. Баарыңыздарды эгемендүүлүк майрамыныздар менен!
+5
Erik2018
2018-08-31 10:09:33
Кыргызстанда жашаганыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Бай мамлекетти көруп эле жатабыз бузукулук орун алып, деградация күч алган. Бизде Куйдага шүгүр.
+2
Firdaus-Muslim
2018-08-31 10:17:49
Кыргызстандын 31-август эгемендүүлүк майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргыз жерибизде элибизде тынчтык жана токчулук болсун. Заманыбыз тынч болсун!
+4
dastan_nookat
2018-08-31 10:40:56
Майрамыныздар менен
+3
Rasul94
2018-08-31 11:03:10
Майрамыныздар менен мекендештер
+2
Azat.97
2018-08-31 11:21:20
Майрамынар менен урматтуу кыргыз элим!!!Журокто Кыргызстан!!!
+2
nargiz94
2018-08-31 13:21:17
Эртен канча тонна мусор чыгат болду экее...?
0
vikidiki
2018-08-31 15:56:07
Майрамыныздар менен Уриюматтуу Мекендештер! Бакубат, тынч жашоодо жашайлы! П. С. Отунбаева эжекебиз ургулоп отурабы? Же мага ошондой корундубу? Талап кетмей жок анан...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан