Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын "Маариф" фонду менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Аталган кол коюу аземи бүгүн, 1-сентябрда Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын алкагында болуп өттү. Мындан сырткары аскер-финансы, социалдык маселелер, өзгөчө кырдаалдар, медицина тармагында кызматташуу боюнча 11 документке кол коюлду.
"Маариф" фонду Түрк мамлекетине баш ийет. Буга чейин Кыргыз тарапка Түркия "Сапат" (мурунку "Себат") билим берүү мекемелеринен баш тартып, аталган фонддун мекемелерин ачууну сунуштап келген. Себеби буга чейин "Сапат" Түркияда экстремисттик деп табылган "Кызмат" уюмуна таандык деген маалымат тараган.
Алдыда Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдоган журналисттер үчүн билдирүү жасамакчы.