Бүгүн Кырчында үйлөнө турган жигит: "Көпчүлүк элдин батасын алалы деп жайлоодо үйлөнүүнү туура көрдүк"

Бүгүн, 4-сентябрда Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катар жаш түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге үйлөнө турган жигит Союзбек Надырбеков билдирди.

Надырбеков - өзү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын мүчөсү. Ал аталган оюндардын илимий, инфраструктура жана ыктыярчылар кыймылы багыты боюнча иш алып барат.

"Азыркы тапта мен жайлоодо уюштуруучулардын кийими менен эле, өз жумушумду аткарып иштеп жатам. Бирок ичимден аябай толкунданып жүрөм. Кечке жуук жайлоодогу "Кийиз ордодо" тоюбуз белгиленет", - деди ал.

Надырбековго III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө үйлөнүүнү оюндун уюштуруучулар тобу сунушташкан.

"Биз, уюштуруучулар тобу жыйналып, жайлоого кооз кыргыз айылы жайгаштырылгандан кийин кыргыздын салты менен үйлөнүү тою өтсө абдан жакшы көрүнүш болмок деп сүйлөшкөнбүз. Бирок ошол учурда мен ичимден "эми ага ким макул болмок эле" деп күлгөм. Көп өтпөй башкы режиссёр Алтынбек Максүтов мага үйлөнүү тоюмду Кырчында өткөрүүнү сунуштады. Бул сунушту кабыл алуумду уюштуруучулар тобу да айтып жатышты. Ойлонуп көрсөм, мыкты идея, мыкты декорация, чыныгы кыргыздын улуттук кийимдери, музыкасы, боз үй, самоор, айтор мындай масштабда президенттин да баласы үйлөнө албаса керек. Эң башкысы канчалаган эл келет, баарынын батасын аласың. Ушуларды ойлоп бул сунушту туура көрдүм", - дейт ал.

Ал эми колуктусу мындай сунушту кубануу менен кабыл алып, өзгөчөлүү үлпөт той өтөрүнө ынанарын билдирген.

"Мен үйлөнүп жаткан бийкеч Айжаркынга бул идея аябай жакты, жайлоодо, кыргыз айылында тоюбуз өтөрүнө сүйүнүүдө" деди Надырбеков.

"Өтө өзгөчөлүү той бизге буюрат деп такыр ойлогон эмесмин. Негизгиси келген элдин батасы тийип, бактылуу жашасак деп тилек кылабыз", - дейт колукту.

Ал эми үйлөнүп жаткан жигит чет элден келген коноктор да бүгүн алардын жакшылыгына күбө болушарын кошумчалады: "Ушунча чоң масштабга биз кыргыз элинин үйлөнүү тоюндагы салттарын көрсөтөбүз, таанытабыз. Азыркы тапта тойго бардык даярдыктар жүргүзүлгөн. Мен ушундай шартта үйлөнүп жатканымды сыймыктануу менен кабыл алдым. Анткени кыргыздын нукура жашоосун чагылдыруунун өзү сыймык".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
sladkaja_konfetka
2018-09-04 10:43:21
Кандай сонун! Бактылуу болгула!
+10
barsbegKG
2018-09-04 10:56:10
Бактылуу болгула!!! Көп балалуу болгула!!!
+9
States
2018-09-04 11:08:18
Союзбек университетте окуп жургондо Эле активист бала болчу Корей тилин жакшы билген коп окуган бала болчу чет олкого кетпей биздин Кыргызстанга салымын кошуп жургонуно аябай суйундум . Коп ийгиликтерди каалайм
+11
engel
2018-09-04 12:33:24
States, случайно БГУда окучу эмес беле? Аябай козумо тааныш корунуп жатат. Апасы менен келини кучакташып тушкон суротту коруп ичим жылыып кетти. Буйруса эне баладай болуп,тугойлор бактылуу болуп жашашсын!!
+6
States
2018-09-04 16:33:37
engel,Ооба БГУ да Корей тил факультетин бутургон . Озгондук бала болчу .
+1
bessmertiy
2018-09-04 11:48:39
Оо сонун го. Бакыт каалайм!
+8
Nargiza1987k
2018-09-04 12:41:41
Бактылуу болгула
+7
jibek.shami
2018-09-04 15:46:39
кыз бизге карындаш болуп кетет
бактылуу болушсун!!!
+3
Raiyan-95
2018-09-04 18:00:42
Аялы менин классташым,курбу кызым болот.Ноокаттын кызы!Аяш менен эки дүйнөдө тең бирге бактылуу болуп өмүр сүргүлө досум.Көп балалуу болгула.
0
e-vawa.
2018-09-04 21:40:17
жалан еле тааныштарго
+3
Beks.Kasymov
2018-09-04 22:06:43
булардын тайсын деген ити бар мен тааныйм
+8
Pandora
2018-09-04 22:32:19
Кыз сулуу экен,эн негизгиси ички дуйносу мынданда сулуу болсун.Элдин батасы тийип бактылуу болгула!!!
+1
pyeon hwa
2018-09-05 08:59:57
Эми ислам динин кабыл ал баптис бойдон журо бербей
0
nazira1989
2018-09-05 09:55:33
pyeon hwa,тообаааа,бир карын майды бир кумалак чиритиптир...
+1
Hatali
2018-09-05 11:10:14
Кандай сонун ...
0
admin_superstan
2018-09-05 14:22:47
Hatali, баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан