"Москвадагы метродо полиция кызматкерин өлтүрдү" деп шектелген кыргыз тектүү жаран Баткен согушуна катышкан эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облусунун Кара-Кулжа райондук аскердик каттоо бөлүм башчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынын тургуну болгон.
"Москвада полициянын өлүмүнө шектелип жаткан жаран Баткен согушуна катышкан эмес. Ошондой эле ал аскердик кызмат өтөгөн эместиги да такталды. Биздеги маалыматтар боюнча ал 9-класс кезинде Ылай-Талаа айылынын тургуну катары каттоодо турган. Ошондон башка маалыматтар жок. Бүгүн, 4-сентябрь күнү шектүү тууралуу маалыматтарды тактоо боюнча Орусиянын органдарынан билдирүү келди. Биз аталган айылдын өкмөт башчысына жана айыл башчысына маалыматтарды тактоо боюнча тапшырмаларды бердик. Алар кечке чейин бул жаран боюнча кошумча маалыматтарды беришмекчи", - деди аталган бөлүм башчылыктан.
Белгилей кетсек, Орусиянын Москва шаарындагы метродо 23 жаштагы полиция кызматкерин Орусиянын 43 жаштагы жараны башка атып кеткендиги тууралуу маалымат тарап, окуя 3-сентябрга караган түнү "Курская" станциясында орун алганын орусиялык ЖМКлар жазышкан. Ошондой эле шектүүнүн Баткен согушуна катышканы боюнча да маалыматтарда тарап жаткан.