"Коопсуз шаарды" ишке ашыруу боюнча аукцион кайрадан өтүүдө

Бүгүн, 4-сентябрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо боюнча аукцион өткөрүлүп жатат.

Аталган комитеттин адистеринин айтымында, канча компания катышып жатканын алдын ала билүүгө болбойт. Тактап айтканда, канча компания катышып жаткандыгы аукциондун жыйынтыгында гана белгилүү болот.

Учурда министрликтердин өкүлдөрүнөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан куралган комиссия өзүнчө бөлмөдө иш алып барууда.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн баштапкы баа 2,5 миллиард сом деп сунушталып жатат. Көрсөтүлгөн каражаттан ким аз сумма сунуштаса, анын шарттары жакшы болсо, жеңүүчү ошол болот.

Аталган долбоор боюнча аукцион өткөн айда уюштурулуп, бирок техникалык себептерден улам жыйынтыкталбай калган.

"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан