"Эл эмне дейт?" долбоору аркылуу таанымал актёр Радик Эшимов сүйүктүүсү менен мыйзамдуу түрдө никелешти

Бүгүн, 5-сентябрда "Эл эмне дейт?" долбоору аркылуу таанылган актёр жана жаш режиссёр Радик Эшимов сүйүктүүсү Айканыш менен мыйзамдуу түрдө баш кошту. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Учурда жаңы тасмага режиссёрлук кылуу менен алектенип жүргөндүктөн, бош убактым өтө эле тар болуп жатат. Мындан улам бүгүн араң убакыт таап, Айканыш экөөбүз расмий түрдө баш кошуп, нике күбөлүгүн колубузга алдык. Ал эми заманбап тойду 21-сентябрга белгилегенбиз. Өзүм токмоктук болгондуктан үлпөт той да аталган шаарда жакын тууган жана досторубуздун коштоосунда орун алат", - дейт ал.

Эске салсак, ушул жылдын 9-майында актёр сүйүктүүсүнө шакек тартуулап, үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aszyma
2018-09-05 22:44:47
Бактылуу болгула. Көп балалуу болгула.
Жөнөкөй адамдар жагатда. Жөнөкөйлүгүңөрдөн жазбагыла.
+4
love2016kg
2018-09-06 00:30:01
Бактылуу болушсун
+2
demo009
2018-09-06 01:24:54
Датка Айым экөө пара болчуда
+1
aidartegin
2018-09-06 09:30:42
белгилейбиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан