Москвадагы кырсыкка шектүүнүн атасы: "Уулум ачууга алдырды. Окуяга чейин аны 10 бала шылдыңдаган"
Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жарандарын сүзүп кеткен окуяга күнөөлөнүп жаткан жарандын бир кулагы такыр укпайт, II топтогу майып. Ал дайыма угуучу аппарат тагынып жүрөрүн шектүүнүн атасы Иса Жүжүбаев SUPER.KG порталына айтып берди.
"Менин 2 уул, 3 кызым бар. Бекжан үйдүн улуусу. Уулум 2 айында менингит менен ооруп, Өзгөн шаарындагы ооруканадан жүлүнүнөн суу алдырганбыз. Ошондо кулагына доо кетип жакшы укпай калыптыр. Аны дайыма медициналык кароодон өткөрүп турчубуз. Жубайым экөөбүз уулубузду алып Орусиянын Екатеринбург шаарына иштеп кеткенбиз. Ал жакта жүргөндө Бекжанды медициналык кароодон өткөрө албай калдык. Анткени жарандыгы жок болсо карабайбыз деген маселелер көп болчу. Ошондо үй-бүлөбүз менен Орус жарандыгын алдык. Екатеринбургда 2 жылдан ашык убакыт иштеп, кийин Свердлов районуна кетип калдык. Ал жактан дарыгерлер Бекжанга угуучу аппарат керек экенин, бир кулагы такыр укпайт, экинчи кулагы жакшы укпайт экен дешти. Ошондо уулум 3-класста окуп жүргөн. Биринчи жолу угуучу аппарат такканда эшикке чыккан Бекжан "чымчыктардын сайраганын, унаалар жүрүп бара жатканда кандай үн чыгарын биринчи жолу уктум" деди. Марьино районуна келгенден кийин мен кичинекей балдарымды алып айылга келе бердим. Айылга келгениме бир жарым жыл болду. Москвада жубайым, уулум жана кызым иштеп жатышкан", - дейт Жүжүбаев.
Ал эми Бекжандын жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп алгандыгы тууралуу жалпы маалыматы бар экенин айтты.
"Кызымдын туулган күнүн белгилеп коёлу деп 4 киши кафеге барышкан экен. Алар эс алган жайда 10дон ашык жигиттер топтолуп отуруптур. Жигиттер кыздардын бири менен таанышабыз деп келгенде уулум "тийишпегиле" деп коргогон. Бирок алар намысына тийген сөздөрдү айтып, түрткүлөгөн экен. Жаңжал кафенин ичинен эмес, сырттан чыккан. Анда менин кызым, анын курбусу, жээнибиз жана уулум унааны көздөй баратканда баягы жигиттер Бекжанды ортого алган. Уулумду бири түртүп, экинчиси колундагы телефонун алып, дагы бири кулагындагы угуучу аппаратты жулуп, ыргытып, шылдыңдаган. Угуучу аппаратты алып салганда Бекжандын ачуусу келип, психикалык өзгөрүүлөр боло баштайт. Ал 10 чакты баланын тобунан качып кетет. Бекжан ачуусу менен унаасына отуруп, айдап кеткен", - деди үнү каргылдана.
Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан. Ал эми кырсыкка шектүүнүн карындашы орус маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берген. Ошондой эле атасынын бир тууганы Сулайман Жүжүбаев да кырсык тууралуу SUPER.KG порталына айтып берген.
SUPER.KG порталы экинчи тараптын да ой-пикирин угуп, жарыялоого даяр.