Таш-Көмүр шаарында жоокерлерди сабаган прапорщик 5 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөйт. Мындай маалыматты Аскердик прокуратурадан ырасташты.
Таш-Көмүр шаардык соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, эркиндикке чыккандан кийин үч жыл жогоруда аталган кызматында иштөө укугунан ажыраткан.
Айта кетсек, июнь айында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүмүнүн 24 жоокерин уктап жаткан жеринен тургузуп аталган аскер бөлүмдүн прапорщиги күч колдонуп сабаганы маалымдалган.
Жоокерлерди отжимание жасатып, үстүнөн тепкендиктен, 9 баланын ээги полго тийип жарылып кеткен. Мындан улам жаракат алган балдар аймактык ооруканага кайрылып, ээктерин тиктиришкен.
Бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон эле.