9-сентябрь күнү Москва шаарында 20 жаштагы Бекжан аттуу Кыргыз жараны унаасы менен жол четинде турган 10дой Кыргыз жаранын сүзүп кеткен.
Бүгүн, 11-сентябрда SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө кырсыкка чейин аны топтошкон балдар сабап салганы тартылган видео жүктөлдү. Видеодон бир бала Бекжанды унаа жолдун ортосунда сабап баштаганда, анын артынан дагы 10го чукул бала келип ур-тепкиге алганын көрүүгө болот.
Кырсык Марьино районундагы Новочеркасск бульварында 9-сентябрь күнү эртең менен болгон. Андан 11 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Каза болгон А.у.А. аттуу жаран кылмышка шектүү Бекжан С. менен жаңжалга катышкан деп айтылууда.
Кылмышка шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды. Атасы Иса Жүжүбаев SUPER.KG порталына уулун окуяга чейин 10 бала шылдыңдаганын айтып берген.