Жаранды сабаганга шектелген милиция кызматкери окуянын чоо-жайын айтып берди

"Милиция кызматкерлери аёосуз сабады деген адам калп айтып, бизди каралап жатат" деп бүгүн, 12-сентябрда SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин К.К. аттуу кызматкери билдирди.

"3-сентябрда Ж.А. деген каттоодо турган жаран менен Шабдан баатыр-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жолугуп, Ленин РИИБине алып келгенбиз. Ал адам өлтүрүү боюнча камалып чыккан, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү деп каттоодо турат. Биз караган аймактын "смотрящийи" деп аталып жүргөндүктөн жолугуп, эмне иш кылып жүргөнүн сурайын дегенбиз. Ошентип аны ал жерден унаага отургузуп, биздин бөлүмгө алып келдик, унаага өз эрки менен эле отурган. Артыбыздан эле Октябрь РИИБинин опер кызматкерлери келди. Эмне болгонун сурасак "адамды уурдоо боюнча чалуу түштү" дешти. Алар да Ж.А.ны тааныйт экен, ал "баары тынч, эч кандай мажбурлап алып келишкен жок, унаага өзүм отургам, эч кимге доом жок" деп түшүнүк кат жазып берген.

Андан соң кабинетке И.Ж. аттуу бизде иштеген кызматкер кирип калды. Ал да Ж.А.ны тааныйт экен. Ал Ж.А.нын Залкар деген агасын да тааныгандыктан ага телефон чалган. Агасы инисин алып кеткенде эч нерсе болбогонун көрүп чыгып кетишкен.

Менин оюмча, чыгып кеткенден кийин денесин өздөрү атайын көгөртүшкөн. Андан кийин алар экспертизадан өтүп, прокуратурага арыз жазган. Экспертизанын жыйынтыгы негизи эң аз дегенде 1 жума же 10 күндүн ичинде чыгат. Алар бир суткага жетпей жыйынтыгын чыгартышыптыр.

Буларга биздин билишибизче, кимдир бирөөлөр үйрөтүүдө. Себеби алардын тааныштары бар. УКМКнын балдары прокуратура кызматкерлерине "иш козгобойсуңарбы" дегендей басым кылып жатканы боюнча прокуратурадан айтып жатышат.

Бизге учурда "кыйноо" беренеси менен прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул атайын милицияны жаманатты кылуу үчүн жасалып жатат. Мен иштен кетким келбейт, эл үчүн, жер үчүн иштеп жүрсөк каяктагы бирөөлөр бизди жаманатты кылганы туура эмес", - деди К.К. аттуу милиция кызматкери.

Бизге кайрылган кызматкердин айтымында, бүгүн прокуратура К.К., И.Ж. жана М.Ж. аттуу 3 милиция кызматкерине кылмыш ишин козгогон.

11-сентябрда Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору, Бишкек тургуну райондук милициянын кызматкерлери сабаганын билдиргенин, тургундун арызы прокуратурага өткөрүп берилгенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nevestkaa
2018-09-12 20:40:06
Чындыкты бир кудай билет .
+2
TalaCSKA
2018-09-12 21:11:03
Мент оконун ортосунда пикир келишпестик болсо керек бирок сабаганына ишениш кыйын , мындай торпокту кантип сабамак эле тем более денесине из калтырып
+3
bond02
2018-09-12 22:50:52
Камчы менен сабаганбы эмне.
+3
abusait
2018-09-12 23:12:05
Мурда сабап жургонсунорда ак эле адамдарды . Эми силерге ишенич жок.
+3
aya88
2018-09-12 23:29:47
Эл учун иштесен, биринчиден элинди сыйлап ал. Закончу сакта, закон менен иш кыл. Ишиндин протоколун сакта. Торпокту жуктоп кеткендей кылбай. Канчалаган бей куноо адамдарды ут токмокко алып мойнуна куноо элип койгондор жок эмес.
+3
Дарыгер
2018-09-12 23:31:24
Ментти камаш керек. Адам мент болот , ХХХХХХХХХ болбойт дешет го. Куда эле актанып жатат
+3
Kgda
2018-09-13 04:22:45
Милиция жок болсо мындай адамдар канынарды ичет элего. Мен сразу эле билгем бул жигит жонокой жигит эмес экенин. Ментерди поставить этип атат булар.мойну ушундайда тегиз кызарганбы менттер из калтырбай сабайт ичинер соогунорду эзип салат.
+2
amirrus
2018-09-13 10:17:13
Куноолусун камагыла ,негизи отуруп чыккандарды кармап ХХХХ ХХХХХХ жондон жон эле эмнеге допрос кыласынар.Кочодо журот да ал деле адам...тиргилиги бар дегендей .Зекмин деп эле отура берсинби
0
Makain
2018-09-13 10:19:56
Сабасаңар айтатта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан