Рыскелди Момбеков: "Элге англис тилин эмес, эне тилин, экономиканын тилин билген премьер-министр керек"

Алматыда 6-сентябрда өткөн иш-чарада орус мамлекеттик ишмери Андрей Бельянинов Кыргыз өкмөтүн сындады. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков парламенттин жыйынында ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Ал Бельянинов "Кыргыз өкмөтүндө эч нерсени түшүнбөгөндөр иштейт" деп айтканын эскертип, премьер-министр бул сынга жооп кайтарышы керектигин кошумчалады.

"Бельянинов Кыргыз өкмөтү алмаша берип биз адашып, тажадык. Акча берели десек түшүнбөйт деди. Башкача айтканда, Кыргыз өкмөтүндө көк мээлер иштеп жатат деди да. Биздин өкмөт эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү жооп берип койсо болот беле? Пушкиндин тилинде, Путиндин тилинде жооп берип койбойбу? Анын ордуна премьер-министр көчмөндөр оюндарынын жабылышында Черчиллдин тилинде сүйлөп жатат. Эл үчүн англис тилин эмес, эне тилин, экономиканын тилин билген премьер-министр керек", - деди Момбеков.

Депутат: "Кыргыз өкмөтүн сындаган орусиялык саясатчыга өкмөт башчы жооп берсин!"
Рыскелди Момбеков өкмөт башчынын англис тилинде сүйлөгөнүн сынга алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Chagylgan2
2018-09-13 11:19:12
Бул дегени анык кошоматчылык, оз эне тилин сыйлабоосу Абулгазиевдин. Дегеле бул адамдын орду Окмот башчылыгы эмес, мал фермасында болушу керек болуучу...
-5
bekmirzach
2018-09-13 11:42:31
Момбеков ХХХХХ өкмөт башчынын англис тилин билгенин көрө албай оозуна келгенди оттоп жатат. ХХХХХ
-2
Natun
2018-09-13 11:40:08
Заманына жараша, парламентте жалаң эле тилдүүлөр, жасалма дипломдуулар олтурат. Мына ошолордун бири Момбеков. Өкмөткө сын айткандан көрө дипломун адалдап алсынчы
-3
tnz
2018-09-13 11:42:05
Мунун кызыл тили болбосо бир тыйын эми суйлоп калсын, озун окмоттон жогору коюуп ийибирдиго я, мунун диплому жасалма болсо билими да тайкы болсо дагы эмне керек буга, мыйзам жазалбаса эмне кылып отурат ал жерде мандатын таштап эле чыгып кетсин андан коро.
-4
Erik2018
2018-09-13 11:55:49
Момбеков кайдагы айтпасынчы.
-2
asha302
2018-09-13 12:16:25
Англис тилинин заманы келди эми барыбыз үйрөнсөк ашыкча болбос эле. Керек болсо орус тилин расмий макамынан ажыратып ордуна англис тилин коюш керек. Ошондо биз бир эле постсоветтик өлкөлөр менен эмес бүткүл жер жүзү менен мамилебиз жакшырат
+5
i1urp
2018-09-13 14:26:58
Анлисче суйлоп койсо эле англичан болуп кетмек беле.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан