Депутат Аалы Карашев экономикалык көрсөткүчтөр начарлап кеткенин айтып, өкмөттү жакшы иштөөгө чакырды

Акыркы 8 айдын жыйынтыгында ички дүң продукциябыз 0,3 пайызга азайган. Аталган маалыматты парламент жыйынында Аалы Карашев билдирди.

Карашев Улуттук статистика комитети кечээ, 12-сентябрдагы маалымат жыйынында бир топ маалыматтарды бергенин айтты. "Өнөр жайыбыз 9,3 пайызга начарлаган. Экспорт 1,6 пайызга азайып, импорт 20 пайызга көбөйгөн. Түз инвестициянын көлөмү да азайган. Бул жакшы эмес көрсөткүч. Жыл аягына чейин 3 ай калды. Бул тармакка жакшы көңүл буралы. Дагы бир маселе бар. Ушул убакытка чейин мамлекеттик ипотека 3929 адамга берилиптир. Кезекте 15 миңден ашык адам турат. Президент жыл башында Нарынга жасаган сапарында ипотеканын пайызын 8 пайыздан 6 пайызга түшүрөбүз деген. Өкмөт жакшы иш алып барбаса, булар ишке ашпай калат", - деди Карашев.

Ошондой эле ал түз келчү инвестициядан 247 гана миллион доллар түшкөнүн, бул 33,2 пайызга терс көрсөткүчтү берерин белгиледи.

"Ошол эле мезгилде түз инвестициянын чыгып кетүү көлөмү 236,7 миллион долларды түзүп жатат. Ошондо кирген инвестициянын көлөмү 10 миллиондон гана көбүрөөк болууда. Бул деген начар көрсөткүч. Жыл аягына чейин мен айткан тармактарга көңүл бөлбөсөк жыйынтык жакшы болбой калат. Ички дүң продукцияны кабыл алып жатканда бюджетти 3,2 пайыз менен кабыл алганбыз. Бүгүн -4 пайызга жакын көрсөткүч менен кетип жатабыз. Бул 4 пайыз деген 100 миллиондогон сомдун каражат биздин бюджетке түшпөй калганынан кабар берет.

Экинчи маселе, биз 3 жыл мурда мамлекеттик ипотекалык компанияны түзгөнбүз. Ал компания жакшыбы же жаманбы иштеди. 3 жарым миллиард сомдой акча берилип, 3 миң 229 үй-бүлөгө ипотека менен турак жай берилиптир.

Өкмөт башчы жазында Нарынга болгон сапарында айтты, биз жеке эле бюджетте иштегендерге эмес, башкаларга да беребиз, 8 пайыз менен эмес, керек болсо 6 пайыз менен беребиз деген. Учурда өкмөт мунун үстүндө иш алып барбаса болбой калат. Азыр Нарындагы үйдүн чарчы метри 900 долларга чыгып жатат, ал эми Бишкектегиси 800 доллар. Ал эми коммерциялык компаниялар 400 доллардан сатып жатат", - деди Карашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан