Октябрь айынан тартып чет жерде каза болгон Кыргыз жарандардын сөөгү мекенине бекер жеткирилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын башынан бери Кыргыз өлкөсүнө 128 адамдын сөөгү келген.
"Октябрь айынан баштап Кыргыз өлкөсүндө катталган авиакомпаниялар каза болгон жарандардын сөөгүн милдеттүү түрдө бекер жеткиришет. Мындан сырткары каза болгон жарандын жакындарына 50 миң сом акчалай жардам көрсөтүлөт", - деп билдирди Букалаев.