Бишкекте таңга жуук жаш кыздын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 18-сентябрда таңга жуук Бишкектин 7-кичи районунан жаш кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз өкүлү Нурлан Кайназаров кабарлады. Анын айтымында, кыздын жашы болжолдуу түрдө 20-25те.

"Бүгүн саат 7:15 чамаларында милицияга 7-кичи райондогу үйлөрдүн биринин жанынан жаш кыздын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат түшкөн. Маалымат түшөрү менен Октябрь РИИБинин ыкчам тобу айтылган дарекке чыгып кетип, болжолдуу түрдө азиат түспөлүндөгү 20-25 жаштагы кыздын жансыз денесин табышкан.

Учурда ыкчам топ жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп, кыздын денесине сырттан кароо жүргүзүп жатышат. Эмне себептен каза болгону азырынча белгисиз", - деди Кайназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
maks94.kb
2018-09-18 11:54:39
Бул кечеки машинадагы кыз эмес бекен
+4
AkyL
2018-09-19 00:14:26
maks94.kb, кечеги машинадагы эмне болгон экен?
0
Hotinhere123
2018-09-19 01:03:57
maks94.kb,мага да сразу ошол кыз оюма келди
0
Matahara1980
2018-09-18 13:26:49
Вообще опасный город болуп калыптыр бишкек, сак жургуло туугандар
+7
kolyn
2018-09-18 14:25:48
Опшим криминал күчөп кетиптир борбордо
+6
nurik838383
2018-09-18 22:08:46
kolyn, албетте жогорку кенеште криминал отурса
+3
XOWO
2018-09-19 06:51:14
Кечееки машинадагы кызбы деген жаман оюм кетти тообо
0
Lekarstvosvoegomuja
2018-09-19 17:57:06
XOWO, кайсы машинадагы кыз?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан