Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Эрдик" орденин алган милиционерди кыйноо боюнча айыптоодо

Өткөн аптада Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна шаар тургуну кайрылып, аны милиция кызматкерлери аёосуз сабаганын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин аны "сабады" деп шектелген милиция кызматкерлеринин бири окуянын чоо жайын айтып берип, жабырлануучу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин билдирген. Кылмышка шектелип жаткан милиция кызматкери бул нерсе атайын милицияны жаманатты кылуу үчүн жасалып жатканын баса белгилеген.

Ал эми бүгүн, 18-сентябрда кыйноого шектелген Ленин РИИБнин оперкызматкерлеринин биринин апасы Айнура Терекбаева маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, "Эрдик" орденин алган милиция кызматкери соттолгон адамды кыйноого шектелүүдө.

"Уулум Каниет К. мурда соттолгон жаранды "кыйнаган" деп айыпталууда. Каниет өз жумушун жакшы көрөт. Ал акыйкат иштегенге аракет кылып келет. 2016-жылы Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан кылмышкерлер качканда аларды колго түшүүрүү операциясында уулумдун да салымы чоң. Кылмышкерлердин башчысы Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн кармоо операциясынын жүрүшүндө аны Каниет жок кылган. Ошондо уулумдун бутуна ок тийип, ал ооруканага түшкөн. Кийин президенттин колунан "Эрдик" ордени менен сыйланган", - дейт Терекбаева.

"Кылмышкерлер менен күрөшүп жаткан ИИМдин кызматкерине эмес, кылмыштуу топтун мүчөсүнө кантип ишенүүгө болот? Эгер андай болсо, укук коргоо органдарында иштеп эмне пайда. Менин жолдошум да өмүр бою милицияда иштеген. Ардактуу пенсияга чыккандан кийин да ишин таштабай эмгектенип жүрдү. 2010-жылы ал оорудан көз жумду. Кыйноого шектелген милиция кызматкерлери чоң кызматтагы адамдардын балдары деген сөз чындыкка дал келбейт. "Милиция кызматкерлери мени кыйноого алды" деп айыптап жаткан Арсен эгер экспертизадан анын сөзү далилденбесе, жоопкерчиликке тартыларын эсине алышы керек", - деп кошумчалады Айнура Терекбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан