Айрым жергиликтүү маалымат булактары милиция кызматкерлери сабагандагы абал деген тургундун окуясын сүрөтү менен жарыялаган. Ал тургун Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунуна кайрылганын мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов SUPER.KG'ге ырастады.
Маалым болгондой, арыз менен кайрылган тургун Бишкек шаарындагы райондук укук коргоо органдарынын бир нече кызматкеринин атын атап, алар аны аёосуз сабаганын билдирген.
"Тургундан келип түшкөн арыз каралып, прокуратурага өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу дагы толук маалымат берилет", - деди Сулайманов.