КҮНСОБОЛ: Өкмөттүн түзүмүндө кайсы министрлик, кызмат, агенттиктер ашыкча? Өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу керекпи?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жазда өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жатып, "күздө өкмөт түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштар менен келебиз" деп депутаттарга убада берген. Бүгүн ушул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде көтөрүлүп, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "сунуштарды 1 жарым айдан кийин берели" деп суранды. Анын айтымында, өкмөт түзүмдү өзгөртүүнү ойлонууга жетишпей калган. Депутаттар болсо биринин артынан бири өкмөткө сын айтып отуруп, баары бир аягында мөөнөтүн жылдырууга макул болушту. Буга чейин бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелер көп экени, бюджет мунун айынан натыйжасыз сарпталып жаткандыгы жана маанилүү делген органдардын жоктугу айтылып келген. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өкмөттүн түзүмүндө кайсы министрлик, кызмат, агенттиктер ашыкча? Өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу керекпи?" деп собол салды.

МАСАЛИЕВ: “Өкмөттө Коргоо министрлиги жетишпейт”

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, өкмөттүн түзүмүндө карап чыга турган органдар бар.

“Менин жеке пикиримде айрым мекемелер, тактап айтканда, Коргоо министрлиги жетишпейт. Мамлекеттик каттоо кызматы менен Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин тагдырын караш керек. Бүгүнкү күндө бул мекеме бир гана лицензия бере турган болуп калды. Жалпы өкмөттүн түзүмү боюнча эч нерсе айта албайм. Өкмөткө кандай ыңгайлуу болсо түзүп алып келгиле деп айтканбыз”, - деди Масалиев.

АЛТЫБАЕВА: “Айрым бир милдетти эки мекеме аткарган учур болуп жатат”

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева өкмөттүн жаңы курамы бекитилип жатканда өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча анализ жасоо керектигин айтканын билдирди.

“Бүгүн дагы бул маселени комитет жыйынында көтөрүп чыктым. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бир жарым айдын ичинде өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарды алып келе тургандыгын билдирди. Айрым бир милдетти эки мекеме аткарган учурлар болуп жатат. Менин оюмча, өкмөттүн курамына кирбеген Улуттук энергетикалык холдинг мекемеси ашыкча. Анткени энергетика боюнча комитет бар. Экөө бир милдетти аткарып калат. Ошондуктан эки мекемени бириктирип, министрлик кылып түзүү зарыл. Ошол эле учурда Коргоо министрлигин дагы түзүү керек”, - деди Алтыбаева.

БОКОЕВ: “Облустук деңгээлдеги органдарды толук жоюу зарыл”

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Кыргыз өкмөтү облустук деңгээлдеги органдарды жоюу зарылдыгын айтты.

“Акимдер түз премьер-министр менен иштеши шарт. Ортомчу болбошу керек. Кыргыз мамлекетинде чиновниктердин саны көп. Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул сунуш өкмөттө каралып жатканын айтты. Ошондой эле Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын малды дарылоо функциясын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өткөрүп берүү керек”, - деди Бокоев.

ЖАМАНГУЛОВ: "Туризм менен инвестиция тартуу боюнча министрлик же мамлекеттик кызмат түзүш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов алдыда бир нече өкмөт мүчөлөрү алмаша турганын айтты.

“Мына бүгүн 3 министр алмашты. Жакынкы убактарда дагы башка министрлер, өкмөт мүчөлөрү алмашат деген кептер бар. Бирок аларды алмаштырганга чейин өкмөттүн түзүмүн өзгөртүп алышыбыз керек эле. Улуттук энергетикалык холдингди жоюп, Энергетика министрлигин кайра түзүү зарыл. Улуттук энергетикалык холдинг ишенимди актаган жок. Бизде туризм тармагы өнүгүп жатат. Туризм менен өнөр жай ар дайым көз жаздымда калып, ар тармакка кошулуп жүрөт. Аларды министрлик кыла албасак да мамлекеттик кызмат деңгээлине чыгарсак туура болот.

Бүгүн эле парламенттин комитет жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматын комитет же министрлик даражасына көтөрүү боюнча сунуш айтылды. Инвестиция тартуу тармагын министрлик деңгээлине чейин көтөрүү керек эле. Буга өтө муктажбыз. Биздин өлкө туризм жана инвестиция тармагына басым жасашыбыз зарыл. Албетте, өкмөттүн түзүмү ушундай болсо туура болмок”, - деди Жамангулов.

УМБЕТАЛИЕВ: "Энергетика комитети менен Улуттук энергетикалык холдингди жоюп, Энергетика министрлигин калыбына келтирүү зарыл"

Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикиринде, милдеттери окшош болгону үчүн УКМК менен Чек ара кызматын бириктирүү керек.

“Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунушту 1 жарым айдан кийин алып келели деп айтты. Бул туура эмес. Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы өкмөт курамы менен келиши керек эле. Биз эми артка кеттик. Экономикабыз, ички дүң продукциябыз начарлады. Дүйнөдө саясий өзгөрүү болуп жатат Кыргыз өлкөсүндө да болушу керек эле. Мамлекеттик комитеттерди кошуп, өзгөртүү керек болчу. Талибандар, "Ислам мамлекети" террордук тобу түштүк тарапта чогулуп жатат. Коргоо министрлигин комитет кылып салды. Азыр бул министрлик актуалдуу болуп жатат. Аны кайра түзүш керек. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин Чек ара кызматы менен бириктирүү зарыл. Себеби милдеттери бирдей. Мамлекеттик ишканаларды кайталатпай, оптималдаштыруу керек. Өкмөт түзүмүн кескин өзгөртүү зарыл.

Энергетика системин туура эмес түзүп койдук. Мамлекеттик энергетика комитети менен Улуттук энергетикалык холдингди түзүп алдык. Экөөнү тең жоюп, Энергетика министрлигин кайра түзүү зарыл. Геология жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетин негиздөө керек. Отун-энергетика тармагында коңшулардан артта калдык. ЖЭБди, Токтогул ГЭСин модернизация кылуу бизге жакшылык алып келбейт. Бул менен кубаттуулугу жогорулабайт. Азыркы өкмөт жакшы иштей алган жок. 1 жарым айдан кийин кыш келет. Анан бул мезгилде тоскоолдук болот деп жазга жылдырышат. Ошол менен кийинки жылга калат. Кыш мезгилине жаңы жетекчилер менен, жаңы мекемелер менен кирип барсак туура болмок”, - деди Умбеталиев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан