Мектепке кеткен бойдон кайтып келе элек. Бишкекте 14 жаштагы кыз дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкек шаарынын 14 жаштагы тургуну Аида Мамаева дайынсыз болуп изделүүдө. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал 17-сентябрь күнү мектепке кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Ошол учурдан тартып анын кайда жүргөнү белгисиз болууда.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы узун, кара түстө.

Үйдөн чыгып баратканда ак түстөгү көйнөк, кара түстөгү юбка, ак түстөгү кроссовка кийип жүргөн. Колунда күрөң түстөгү сумка бар.

Сүрөттөгү кызды көргөн же билгендер болсо (0553) 10 25 66, (0772) 05 20 00, (0556) 85 58 12, (0702) 22 85 05 телефон номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alixan-Nookat.2015
2018-09-19 19:46:07
Аман эсен табылып калсын.
0
monster_high_98
2018-09-19 20:01:24
Ысык Колдо жургондур??
+2
wwwbaxa
2018-09-19 20:23:07
Менттер жакшы деле издебейт да бизде.Болбочо ушундай онуккон заманда телефонунан,жэ кочодогу камераларды карап тапса болот тез эле.Менттердин ХХХХХХХХХ которуло элек камырашпайт...
+3
Rasul94
2018-09-19 20:23:36
Супер инфо жамааты. Бугун чемпиондор лигасы болот.же силерге ушак жанылык эле кызыкбы.кабарга киргизип койгула да.
+2
Эльвира Караева
2018-09-19 23:35:09
Rasul94, саламатсызбы. Чемпиондор Лигасы бүгүн эмес, кечээ башталган эмеспи?
Старт алганы тууралуу кабар бул шилтемеде: https://www.super.kg/kabar/news/245435/
Лиганын алкагында өткөн алгачкы оюндар тууралуу бул кабарда: https://www.super.kg/kabar/news/245661/

Ал эми ушак жаңылык бул порталда жок. Башка жактан издеп көрүңүз...
+2
bek_tash
2018-09-20 01:13:49
Эльвира Караева, Баззар жок
-1
Rasul94
2018-09-20 01:29:19
Эльвира Караева,аман бол Элбик
+1
tatum67
2018-09-20 11:53:35
Көздү чоңураак ачып лентаны карабай эле жаза бергендерге таң берем да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан