Сот адилеттигин аныктоо боюнча өткөн сурамжылоого 1 миң 44 жаран катышкан. Жыйынтыгында сотторго болгон ишеним мурдагы көрсөткүчтөрдөн жакшы экени аныкталган. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева билдирди.
Анын айтымында, сот системи коррупцияга каршы күрөшчү орган эмес.
"Паракорлук менен күрөшчү атайын мекемелер бар. Албетте, бул багытта тазалоо иштерин жүргүзөбүз. Сот системин жакшыртуу боюнча жарандык коом менен жолукканбыз. Сотко нааразы болгон ишкерлер көбүнчө салык жана бажы төлөмү боюнча арызданышат. Менимче, сотко нааразы болгондордун 50 пайызы сот ишинде жеңилип калгандар болот", - деди Токбаева.