Күздүн келиши менен үлпөт тойлорго чакыруулар көбөйөт эмеспи. Шаан-шөкөттөн да тойлордогу каада салттар элдин эсинде калары бышык. SUPER.KG порталы кыргыздын үйлөнүү тойлордо колдонулган өзгөчө салт-санаа жана ырым-жырымдары менен тааныштырууну улантат. Буга чейин Нарын облусундагы "чач өрүү", "жоолук уурдоо", "түштөндүрүү" салттары тууралуу айтып бергенбиз.
Эми Баткендин аймактарында үлпөт тойлордо сакталып келген каада-салттар, ырым-жырымдар жана түрдүү жөрөлгөлөр тууралуу кеп кылабыз. Баткен облусу Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен чектешкени үчүн салттары да ар башка деп айтышыңыз мүмкүн. Бирок алар коңшу өлкөлөрдө деле колдонулбайт. Мисалы, кайсы бир жөрөлгө бир айылда аткарылса, ал каада коңшу айыл үчүн деле жат көрүнүшү ыктымал. Мына ушул өзгөчөлүгү менен бул аймакка тойго баруу кызыктуу.
"КЫЗ КӨЧҮРҮҮ"
Мындан 15-20 жыл мурун турмушка чыгып жаткан кызды жеңелери, чоң энеси, ошол айылдагы байбичелер жана курбулары автобус менен күйөө баланын үйүнө көчүрүп барышчу. Адатта жалаң аял кишилер барганы үчүн кыздын атасы, агалары тойго барбаган учурлар кездешкен. Жолду катар "Жар-жар" ыры ырдалып, кыз жаңы барган үйгө ыйлап барган. Кызды көшөгөгө катып барышып, күйүп турган отко айлантып анан үйгө алып киришкен. Азыркы учурда бул каада замандын шарттарына жараша өзгөрүп кыз узатуу тоюн өткөрүп башташты. Бирок кызды өз туугандары көчүрүп барган учурлар жок эмес. Үмүтай Асанова август айында турмушка чыгып, жолдошунун үйүнө дал ушул кыз көчүрдү каадасы менен барганын айтып берди.
"Жолдошумдун үйүнө туугандарым мени көчүрүп барышты. Кайын журтум келин болуп келгенде кие турган кийимди (кийит) тойго чейин сатып алып берген эле. Ошолордун ичинен кемсел, маасы, көлөч, анан апам өзү тигип берген көйнөктү кийдим. Жоолукту жүзүм башкаларга көрүнбөй тургандай салдым. Кудаларга сый көрсөтүлүп, конок болушту. Алар жөнөп жатканда дагы бир жөрөлгө жасалды. Баатыр эне болгон жеңем мени супаранын жанына отургузуп, кийимиме балта бастырып, колумду унга салды. Анан күрүчтү сээп коюшту. Бул ундай жумшак, балтадай бекем, күрүчтөй көп балалуу болсун дегенди түшүндүрөт экен. Үч күндөн кийин жеңелерим келип, жүк жыйып кетишти".
"САЛАМ САЛУУ - ЖҮГҮНҮҮ"
Үйлөнүү тойдун "Жар-жар" ыры менен башталып, жаш жубайлардын келген конокторго жүгүнүшү учурдагы кадимки көрүнүш. Ал эми Баткендин Кадамжай районунда үлпөт тойлор келиндин жүгүнүүсү менен башталат. Аймакта бул "салам салуу" каадасы деп айтылат.
"Салам, салам жар-жар,
Келин салам жар-жар.
Кагылайын кайын журту,
Сиздерге салам жар-жар" деп келиндин жеңеси ырдайт. Келин жерге салынган килемдин жанына туруп жүгүнөт. Кимге жүгүнүп жатканы ырда айтылса, ошолор келип килемге акча таштап кетишет. Ырда кайнатасы, кайненеси, кошуналары, аяштарынын баарынын өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү кошулуп ырдалат. Мисалы, "Той качан деп сураган кошуналары, силерге салам жар-жар" деген сыяктуу. Килемге ташталган акчаны ырдаган жеңе алып кетет.
"ЧӨМҮЧ КАРМАДЫ - ЖАҢЫ КЕЛИНДИН АШКАНАГА КИРИШИ"
Жаңы келиндин колунан чай ичип көрсөңүз керек. Бирок келиндин биринчи жасаган тамагынан даам таткандар аз. Бул жөрөлгө Баткенде бар. Келин тамак жасап үйүнө коноктор чакырылат. Келиндин бир колуна өзүнүн жеңеси жаңы жоолук байласа, экинчи колуна жоолукту жолдошунун жеңеси байлайт. Келиндин колун көп балалуу, сыйлуу аял кармап кайын журтуна, келген конокторго тамак салып берет. Тамак ичкенден кийин коноктор келинге бата беришет. Бул ушул күндөн баштап келин ашканага аралашты дегенди түшүндүрөт.
"БАЙБИЧЕ КӨТӨРҮҮ"
Лейлек районундагы "Байбиче көтөрүү" деген өзгөчө каада тууралуу укканыңыз барбы? Кызыктуу, мааниси терең каада тууралуу Мария Исканова айтып берди. "Байбиче көтөрүү" бизде көп жылдан бери тойлордо аткарылат. Өзүнүн кенже уулун үйлөп же кенже кызын турмушка узатып жаткан байбичени анын курдаштары, туугандары килемге отургузуп жаш жубайлардын алдына көтөрүп барышат. Бул силердин апаңар сый көрө турган жашта, биз сыйлап килемге отургузуп алып келдик. Мындан ары силер да ушинтип колго көтөрүп баккандай сыйлап жүргүлө деген мааниде жасалат. Мен кенже кызымды турмушка узатканда да ушундай каада-салт жасалган. Албетте, сага сый көрсөтүп жатышса жакшы сезимдер болот. Килемге отургузуп көтөрүп алып барышканда аны килемден уулдары же күйөөсү түшүрүп алып, көтөрүп келгендерге акча берет. Анан башка күнү атайын той өткөрүп берет. Бул байбиче төрдө, сый үстүндө гана отурат дегенди түшүндүрөт", - деди.
Бул каада үлпөт той бүтөрдө аткарылат. Анда байбичени туугандарынын бири жонуна көтөрүп келип килемге отургузат. Килемди 10-15 аял көтөрүп басышат. Уулдары тосуп алганда аялдар килемди 3-4 жолу өйдө-ылдый көтөрүп, анан байбичени килемден түшүрүп алышат.
"КҮЙӨӨ БАЛАНЫ ТӨШӨККӨ ЫРГЫТУУ"
Үлпөт тойдон кийин биринчи нике түнү күйөө баланы достору төшөккө ыргытышы керек деген салтты айтышса "жаштар салтты билбегени үчүн атайын жеңелер уюштурган оюн" деген ой келсе керек. Бирок кээ бир айылдарда дал ушул жөрөлгө бар. Бир ай мурун тойго барып, ушул көрүнүшкө туш болгонун айткан Шумкар аттуу Кадамжай районунун тургуну төмөнкүлөргө токтолду.
"Досубуз үйлөнүп, тойго бардык. Көп салттарды билбейт экенбиз. Айрымдары керексиз жөрөлгө экен. Биз Көк-Талаа айылына барып, досубузду унаадан түшүрбөй көрүндүк алабыз деп соодалашып жаттык. Бул нерсеге аралашпай сырттан караганда күлкүлүү көрүнсө керек. Бирок талашып-тартышып 3 миң сомго күйөө баланы түшүрдүк. Келинди алып чыгарда кайра көрүндүк алмай башталып биринчи алган 3 миң сомду кайтарып бердик. Той бүтүп үйгө келгенде жеңелер "алгач досуңарды төшөккө ыргыткыла. Андан кийин келинди ыргытасыңар. Күйөө бала келинди тосуп алышы керек" дешти. Күлүп эле кутулдук, бирок ыргыткан жокпуз. Менимче, ушул эки салттын кереги деле жок го", - дейт ал.
Баткендеги тойлордо кездеше турган түрдүү ырым-жырымдар:
Кыз өз үйүнөн чыгып бара жатканда босогодон анын эки колуна сары май сүйкөшөт. Кыз эки колу менен эшиктин эки тарабына ошол майды сүйкөп чыгат. Бул мындан ары жашоосу майдай жакшы болсун деген ырым. Кыз үйүнөн чыгып жатканда атасы анын белине кызыл чарчы байлайт. Ал үй-бүлөдө бардык нерсеге, кыйынчылыктарга бек турсун дегени. Кызыл чарчыны жоготпоо керек деп айтылат. Эгер жоголсо, ажырашуу болушу мүмкүн деген ырым.
- Кыз турмушка чыгып жатып маасы менен курбуларын тебет. Бул менден кийин силер да батыраак турмушка чыккыла деген ырым.
- Келин үйгө келгенде жеңелери бир чыны күрүчтү жерге чачышат. Аны келин бирден терип чыгат. Бул келин сабырдуу болсун деген ырым.
Урматтуу, окурман! Үйлөнүү тойлордо колдонулган өзгөчө салт-санаа жана ырым-жырымдар Нарын жана Баткен облусу менен гана чектелбейт. Эгер сиз жашаган аймакта да үлпөт тойлордо колдонулган өзгөчө жөрөлгөлөр болсо SUPER.KG порталына 0557 47 39 39 номери аркылуу кабарласаңыз болот.