Вице-премьер: "Кыш мезгилине карата даярдык бекитилген график аркылуу ишке ашууда"

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кышка карата даярдык бекитилген график аркылуу ишке ашып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

"Күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү максатында республикалык штаб түзүлгөн. Жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча республикалык штаб жыйын өткөрдү. Премьер-министрдин төрагалыгы менен 3 көчмө кеңешме өткөн. Ошондой эле биринчи вице-премьер-министрдин төрагалыгы менен 2 көчмө кеңешме уюштурулган. Кеңешмелерде даярдык боюнча өкмөттүн тапшырмаларын аткаруу боюнча маалыматтар берилген. Өткөн жылдагы жылытуу мезгилиндеги тажрыйбадан улам Бишкек ЖЭБин оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Жалпысынан алганда даярдык бекитилген график аркылуу ишке ашууда", - деди Өмүрбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан