Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызматынан кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө" мыйзамына ылайык, төрайымдын үч жылдык мөөнөтү аяктады. Токбаева 2015-жылдын 22-сентябрында кызматына киришкен.
Маалым болгондой, бүгүн мекеменин аппарат кызматкерлери аны расмий узатышты. Аппарат жетекчиси Маратбек Осмонкулов Айнаш Токбаеванын 3 жыл аралыгында жасаган иштерине токтолуп, сот тутумунун өнүгүшүнө өз изин калтыргандыгын белгилеп өттү. Анын айтымында, Токбаева жетектеген үч жыл аралыгында электрондук сот өндүрүшү ишке киргизилип, автоматташтырылган маалымат системи жөнгө салынды. Мындан тышкары төрайым өлкөнүн бардык сотторунун иши менен жакындан таанышып, судьялар жана аппарат кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн жаңы имараттар курулуп, ишке киргизилгендигин кошумчалады.
"Жамааттын атынан Мыйзамдар менен иштөө тармагынын башчысы Расия Эралиева Айнаш Токбаеванын жасаган эмгектери сот тутумунун тарыхында каларын айтып, өз ишин мыкты билген кесипкөй адис катары сот тутумунда ишин уланта берерин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.