Москвада Кыргыз өлкөсүнөн барган 2 адам жаңжалдашып, бири экинчисинин көзүнө атып салды

Москвада Кыргыз жеринен барган 2 адамдын ортосунда чыр чыгып, бири каршылашын пневматикалык тапанча менен атып салган. Бул тууралуу 360tv.ru маалымат каражаты укук коргоо органдарындагы жеке булактарга таянып жазган.

Маалыматка ылайык, чырдашкандардын бири экинчисин көзгө аткан. Бул учурда жакын жердеги адамдар тапанчанын үнүн угуп полицияга кабар берген. Азырынча тапанча менен атып салуу менен коштолгон чырдын себеби белгисиз.

"Алар Москванын чыгыш тарабындагы "Ысык-Көл" ресторанынын жанында чатакташа кетишкен. Жабырлануучуну ооруканага алып кетишти. Ал эми ага ок чыгарган адамды полиция кармап кетти", - деп жазылат маалыматта.

Кыргыздын Орусиядагы элчилиги учурда бул маалыматтарды тактоо иштери жүрүп жаткандыгын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
monster_high_98
2018-09-22 13:08:33
Кызык, башка мигранттар деле биздей эле кутуруп жатабы Россияда?
+9
fanatka19
2018-09-22 13:32:44
Колдоруна биртке акча тийсе дардандап кооп кетишет.
+8
jalguzum
2018-09-22 13:43:43
Кыргыздардын клубтарын жаап сала турган болду! Озбектерге окшоп жон эле чайхана кылгылачы!
+8
Frunze2
2018-09-22 13:54:47
Москвадагы кыргыз кафе-клуб, ресторандарынын баары байлардыкы. Бийликти тоготпой отурушат. Озбек же тажик бийлиги болгондо кучко салып, коркутуп жаптырып салмак...
+4
titanik32
2018-09-22 14:33:20
Ушунча чоң Россия,калкынын саны 146 млн болуп туруп мынчалык криминалды укбайбыз.Россияда жүргөн 600 миң Кыргыз жараны аз санда болуп туруп, кылмыш иштери боюнча жогорку көрсөткүчтө болуп жатат го.Москвадакы мекендештер бир аз ойлонсоңор,силер Кыргызстанда эмессиңер го акыры.
+4
take.kg86
2018-09-22 14:35:03
Ал аткан адам өзбек улутундагы адам болгон байкемди чакырганда барып мас экенсиң эс ал деп кайра артка кайтканда машинасынан тапанчасын алып чыгып артынан кууп келип атканда көзүнө тийген
+2
Blackmoon
2018-09-23 11:06:03
take.kg86,Кантип эле аркасынан кууп келип андан кийин байкеңи өзүнө буруп көзүнө атсын.Окшошпой калат го.
0
Jaziko80
2018-09-22 14:58:17
Тойгозушту го тынч жургон адамдарга залакасын тийгизип. Оздору эле тартса мейли азабын, башкаларды да кыйнап
+1
Umersam
2018-09-22 14:59:14
Москвадагы кафе-ресторан,ночной клубдардын баарын жабыш керек болду.Өзбек.Тажиктер жалаң чайхана иштетишет.Биз өзү беспредель болуп баратабыз.
+2
nemo2016
2018-09-22 15:34:50
Ушул кафелерди элчилик козомолго алса жакшы болмок жэ оздору коргойт
+2
Dembele84
2018-09-22 16:30:55
Акча коптуруп жатат буга окшогон келесоолорду,биринен отуп бири кыйын болуп тойгозду ушу мээси иштебеген кемчонтойлор!!!
+2
Merelisha
2018-09-22 17:02:53
Армансыз атыбыз чыкты быйыл, рекорд койсок керек.
0
Alixan-Nookat.2015
2018-09-22 18:29:49
Ушуга окшогон көпкөн акмактардын айынан башка кыргыз жарандары жабыркашат, акыркы күндөрү эмнегедир көп терс көрүнүштөр кыргыз жарандары тарабынан болуп жатат бир күн орустар кысат ошондо желинер чыгат.
0
Kgda
2018-09-22 18:42:09
Саяк журсон таяк жейсин, бирин олуп бирин кал. Мага баары бир.
-2
Akyl78.1501
2018-09-22 18:47:33
Иттерго
-2
DNurgiza
2018-09-23 08:02:40
КЫргыздардын көөбү жумушу жок Россия, чет малекеттерде жүргөнүнө байланыштуу көп кырсыктар, жаман иштер көп айтылып атат......
Муну кырсык дейбизби, тагдыр дейбизби....... маңдайына жазганын көрүп атышат да.
+2
orun
2018-09-23 13:04:19
DNurgiza, Москвада кыргыздан да коп озбек тажиктер миллиондоп журушот. Алар коппой эле туз эле журушот. Кыкендер мында кафе ресторанда, ночной клубта тайрандап кетишкен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан