Буга чейин Москвага Кыргыз жеринен барган 2 адамдын ортосунда жаңжал чыгып, бири экинчисинин көзүнө пневматикалык
тапанча менен атып салганы жазылган. Кыргыздын Орусиядагы элчилиги маалыматты тастыктап, окуя 19-сентябрда эртең менен саат 7:00дө болгонун кабарлады.
Элчиликтин билдирүүсүнө ылайык, мындай окуя жергиликтүү маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин Кыргыздын Москвадагы өкүлчүлүгү Соколиная гора райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган.
"Полиция бөлүмү 2 Кыргыз жаранынын ортосундагы чыр "Ысык-Көл" кафесинин жанында болгонун тастыктады. Чырдашкан адамдардын бири экинчисин пневматикалык тапанча менен көзгө атып жибергенде кылмыш катталган жерге полиция келген. Алар курал колдонгон Кыргыз жаранын кармап кетишкен. Жабырлануучу №36-ооруканага жеткирилип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аны ооруканага жаткыруу муктаждыгы болгон эмес", - деп жазылат элчиликтин маалыматында.
Ошондой эле жаңжалдын катышуучуларынын аты-жөнүн тактоо жана аларга карата кабыл алынган чечимдер тууралуу билүү үчүн тиешелүү тараптарга кайрылуу жолдонгону кошумчаланат билдирүүдө.