Депутат Касымалиева экономика министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси Түштүк Кореяда косметологиялык операция жасатып, семинарга катышпай жүргөнүн айтты

Депутат Аида Касымалиева экономика министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси Айнура Жакыпованын чет жердеги туура эмес иштерин белгиледи. Ал бул тууралуу социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

"Мага "КОIСА" агенттигинен байланышып, экономика министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси Айнура Жакыпова боюнча нааразычылык билдирди. Ал айым Түштүк Кореяда өткөрүлгөн семинарга 10 күн катышпай, өзүнө косметологиялык операция жасатып жүргөн. Бул сапардын бардык чыгымдарын "КОICА" агенттиги төлөгөн. Мен бул маселени эртең палатада көтөрүп, тийиштүү тапшырманы берем", - деп жазат баракчасына Касымалиева.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына Айнура Жакыпова аттуу адам аталган мекемеде иштей тургандыгын жана бул маселе боюнча Жакыповадан өздөрү дагы жооп күтүп жатканын билдирди.

Депутат Аида Касымалиева 24-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин комитет жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, анын орун басары чет өлкөгө окууларга көбүнчө өздөрү чыгат деген пикирин айткан. Ошондой эле эл өкүлү алар көпчүлүк учурда дипломатиялык паспортту колдоно турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kechirmeni
2018-09-25 17:32:13
Бул чондордун былыктары коп экен да
+10
Rubin
2018-09-25 18:26:11
Улуттук энергохолдинг 1,5млд доллар карызы учун Кытайга откоруп калган го э?
+2
Rubin
2018-09-25 18:27:08
Кытайга откону дейин дегем
+1
Дарыгер
2018-09-25 18:29:43
Дагы былып жыйылып калган орчундуу маселелер которуло баштады. Касымалиева и Кылычбек агайдын айтканын президент угууга тийиш
+6
bars_wire
2018-09-25 18:41:21
Пай пай пай
+1
Parish
2018-09-25 19:51:11
Аида Касмалиева азамат депутат экен коптогон былык иштерди алып чыгып атат,Чаткалдагы былгыткандардын даны аягына чыгып берсе жакшы болот эле?
+10
madina.87
2018-09-26 08:33:07
Анча мынча эркек депуттардын алдында эң соонун айым экен,коркпой үркпөй чукуп ,чындыкты айтып жатат.
+5
gordaya
2018-09-26 09:01:20
Мамлекет аркылуу толонгон чет эле чыгуучу командировкалардын баасын дагы которсонуз, 467 постановление боюнча баалары абдан жогору. Кыргызстан алардын шоппингин кошо толоп жатат. Бир кишилик болунгон чыгымга запросто 2-3 киши барса болот
+2
Rifle_I
2018-09-26 09:09:50
Чет жерге барганда командировочный көп төлөнөт экен. Биз Москвага бир уюмдун эсебинен окууга барганда, 15 күнгө 1070$ беришти. Бул акча тамак ашка эле экен. Билетти, гостиницаны, аэропорттон гостиницага, кайра аэропортко акча уже төлөнүптүр. Элестетип жатам, Кореяга барса канча берет экенини.
+2
shahlet
2018-09-26 14:58:29
кайран гана акчалар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан