Жанар Акаев бийликке: "Элдин кыжырына тийген талапкерлерди кайдан табасыңар?"

"Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланбашы керек" деп Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчылыкка талапкерлерди кароодо депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал КСДП партиясы акыйкатчылыкка көрсөткөн Токон Мамытовдун талапкерлигине каршы экенин билдирип, Мамытов бийликтин тилин уккан талапкер болорун белгиледи.

"Менин жеке пикиримде, Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланса, парламент коомчулуктун катуу сынына кабылат. Бийлик, акыркы учурда элдин кыжырына тийген талапкерлерди чыгарып жатасыңар, таң калам силерге мындай талапкерлерди кайдан табасыңар? Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлериңердин бирөөсүнө да эл ыраазы эмес. Коомчулук кыжырланган сайын силер үстөкө-босток элге жакпаган талапкерди сунуштап жатасыңар. Биз Акыйкатчы институтунда реформа болуш үчүн эрки бар адамдарды алып келишибиз керек, андай адамдар талапкерлердин арасында бар.

Дагы бир маанилүү маселени айтып коёюн, акыйкатчыны шайлоо өзү акыйкат өтүшү керек. Комиссия мүчөлөрү талапкерлер отурган жердин артында турат, ошондон ары өтпөсөңөр, добуштарды көзөмөлдөө деген болбош керек. Эл өкүлдөрү өзүбүз парламентте туруп добушубузду көзөмөлдөтсөк кооомчулукка уят болобуз.

Акыйкатчы тил алчаак адам болбошу керек, азыр бийлик сунуштап жаткан адам ошондой болушу мүмкүн. Токон Мамытов адам катары жакшы киши, бирок акыйкатчы кызматына жарабайт. Акаев, Бакиев, Атамбаевдин учурунан бери эл тараптагы негизги ойду айтпаган адам элдин укугун кантип коргойт? Бизге чындыкты чыркыратып айткан адам керек", - деди Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ense1705
2018-09-26 13:57:08
Эн туура соз!!!Жанар азаматсын
+26
bekmirzach
2018-09-26 14:36:18
Жанар Акаев келечектеги Булбул. Адахан мадумаровдун ордун басып элге акыл үйрөтүп сындагадан башканы айтпай калат.Азырда түшүнүп түшүнбөй сайрап жатат
-20
Dembele84
2018-09-26 15:11:07
bekmirzach,Сага окшогон ою жоктордун айынан ушундай акыбалда жашап жатабыз
+17
Дарыгер
2018-09-26 18:01:26
bekmirzach,Жанар ХХХХХХ. Бала этирип кое берет. Аткарган иши жок. Кайсы иштин аягына чыкты??? Эч Бир или жок элге пайдалуу
-8
FK2
2018-09-26 13:58:01
Эн туура, азаматсын Жанар! Сага окшогон жаштарды колдош керек.
+22
ilbirs
2018-09-26 14:01:05
Озу эле элге жагатургансып суйлоп коюптурго укам
-21
Natun
2018-09-26 14:35:04
Жанар - бул экинчи Адахан болду. Токон Мамытов өзүнө окшогон жарма патриотторго жакпайт
-19
urmat-77
2018-09-26 14:57:22
Дагы бир СДПК шайланат болуп калды окшойт. Бул партиянын жарымы абакта кээ бири чет өлкөдөн кечээ келди запойдо болсо керек.Негизи биздин чоңдордун бийликтин 120 жалдырама бок курсактардын бетинен тракторго дөңгөлөк жасаган адам биринчиден байыйт экинчиден элдин батасын алып көп жашайт.Булардын бетин самурайдын эң өткүр кылычы да кеспейт өтпөйт.Соке шоу кылбай эле шайлап койбойбу барыбир ошол мыңылдаган СДПКчы чал шайланат.
+5
Dembele84
2018-09-26 15:16:05
Сайрап атса башка кылса да элдин созун суйлоп жатат.Ошол жерде депутат болуп туруп,бийлик эмне десе ошо деп кнопка басып отурган чон курсактар бар,алардан жуз эсе тузук и оз оюн коркпой айта алат.Алга Жанар биз сен менен дайым !!!
+13
Dalil
2018-09-26 15:33:30
Токон Мамытов кантип уялбай акыйкатчы болгону жатат? Өлкөбүздөгү эң чоң кылмышкер Батукаевди кызыл килем салып, VIP залдан ушул чыгарып жиберди эле. Эми кайсы акыйкатты сүйлөгөнү келип жатат? Т Мамытов эмне универсалбы? Жазаларды аткаруу комитетинен чек ара башчысына, эм болсо акыйкатчы. Биз эмнеге өнүкпөйбүз? Албетте ушуга окшогон колунан эч нерсе келбеген универсал, өйдөдөгүлөрдүн сөзү менен иш кылган жетекчилердин көптүгүнөн өнүкпөйбүз. Мамытов акыйкатчы болгону өлкөдө акыйкаттын өлгөнү.
+9
beka666
2018-09-26 16:50:08
Кимди сунуш кылышса, ошону былк этпей шайлап койуп жатышат, депутаттар шайлоочу автомат эле болуп калыптыр
+6
Natun
2018-09-27 09:19:43
Токон Мамытовго карата айтылып жаткан сын-пикирлердин баарын Атамбаев буюртма берип жаздырып атат. Кара пиардын күчү болдууда. Чын-чынына келгенде ушул жерде тилин агытып отургандар керек болсо Токон Мамытовду тааныбайт
-2
Erik2018
2018-09-27 09:37:33
Токон Мамытов эле шайланып туура болду деп эсептейм. Кантсе да тажрыйбасы бар. Көп нерсени билет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан