Ош-Москва аба каттамы менен уча турган учактын дөңгөлөгү жарылып, жүргүнчүлөрдү жеткирүү үчүн Бишкектен учак жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош аэропортунан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 30-сентябрда эртең мененки саат 8:30да Ош-Москва аба каттамы менен уча турган учактын дөңгөлөгү учар алдында жарылып кеткен.
Boeing 737 үлгүсүндөгү учактын алдыңкы шассисиндеги дөңгөлөк жарылып, учак токтотулган. Жүргүнчүлөрү мейманканага убактылуу жайгаштырылганы айтылып жатат. Окуяны жеринен иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, атайын инспектор кеткени маалым болду.
Учуу болжол менен саат 17:00гө чейин кармалган. "Ош" эл аралык аэропортуна байланышканыбызда "Бишкектен учак келди, жарым сааттын ичинде учак абага көтөрүлөт. Учурда жүргүнчүлөрдү каттоо жүрүүдө" деп билдиришти.