"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору кызматтан бошотулду

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулду.
Алмазбек Ногойбаев аталган кызматка 2015-жылдын май айында бекитилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KAYRATBEK
2018-10-01 23:49:15
Атандын кору ээмиби.
0
bekmirzach
2018-10-02 11:01:56
Ногойбаев Раим миллион сыяктуу эле Атамбаевдин капчыгы болчу. Ошондуктан артынан канча мыйзамсыз иштер болсода камалбай тайраңдап жүргөн
0
gitaris93
2018-10-01 23:54:01
Бугунку жакшы кабарлардын алдынкысы болду
0
Dalil
2018-10-02 02:01:02
Кызы ал жердеги мейманкананы ээлегенде эле кетириш керек болчу. Андан бери да керектүүсүн жыйнап коюшту. Эл жок деп билеттин баасын көтөрүп, а билетсиз коён ташый берип жашылынан сейфке асып койсо керек.
0
patiydin
2018-10-02 09:32:38
Мындай ишти эртерек кылыш керек эле
0
Zhoro
2018-10-02 10:56:56
Москва Бишкек жд билет арзандайбы элге кызыктуу жана пайдалуу жагы ушул болбосо баягы эле мамайдын гору
0
Erik2018
2018-10-02 10:57:42
Эми кимиси келсе дагы татыктуусу келсин
0
Natun
2018-10-02 11:02:47
Буга чейин президент Ногойбаевди калкалап жатат дешти эле. Анын иштен бошотулушу президенттин канчалык адилеттүү иштеп жатканын далилдеди Мамлекет башчысы жемкорлук менен күрөүүдө дос, тааныш, тууганыма карабайм деп ар убак айтып келет. Балким аны кимдир бирөөлөр жок жерден президентке жармаштырган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан