Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде Тергөө судьялары институтун ишке киргизүү үчүн соттордун санын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды.
Маалыматка ылайык, аталган институтту ишке киргизүү үчүн соттордун санын 56 штаттык бирдикке көбөйтүү сунушталды.
“Тергөө судьясы шектүүнүн, айыпталуучунун эркиндигин жана укугун чектөө боюнча чара көрүүчү, прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчилигинин, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органындагы ыйгарымдуу кызмат адамынын чечимин жана процесстик иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна соттук көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Тергөө судьялар институтун киргизүүчү ыйгарымдуу органдын бюджетине жалпы 185 миллион сом каражат салынган”, - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин палатасына алып чыгуу үчүн дагы жакшы даярдыктар болушу шарт экенин Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага эскертти.