Жогорку Сот Мавлян Аскарбековдун ишин кыскартты

Жогорку Сот жарандык активист Мавлян Аскарбековдун ишинин жаза мөөнөтү аяктагандыктан ишти кыскартуу чечимин күчүндө калтырды. Бул маалыматты активист SUPER.KG порталына тастыктады.

"Мен толук түрдө акталып чыктым. Мага коюлган 50 миң сом төлөө жана чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу жокко чыгарылды. Ошондой эле "соттолгон эмес" деген макамга да ээ болдум", - деди Аскарбеков.

Мавлян Аскарбековго Башкы прокуратура 2017-жылы 16-январда учак кырсыгынан жабыркаган Дача-СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда "бийликти басып алууга чакырган" деп айтыптап, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (бийликти күч менен басып алууга үндөө) менен кылмыш ишин козгогон.

Бул боюнча Биринчи Май райондук соту Мавлян Аскарбековго коюлган айып боюнча аны күнөөлүү деп таап, мамлекетке 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Аскарбеков чечимге нааразы экенин айтып, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот райондук соттун чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, 50 миң сомдук айып пулду алып салган. Кийин Аскарбеков Жогорку Сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2018-10-02 13:12:31
Молодец!
-1
fora
2018-10-03 00:29:44
Наконец акыйкаттык болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан