"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга кызыкдар болгон компания: "Вега" компаниясы талаптарга жооп бербейт"

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча сынактын жеңүүчүсү аталган "Вега" компаниясы талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу сынактын дагы бир катышуучусу "Маалыматтык коопсуздук системасы" компаниясынын расмий өкүлү Юрий Катютин маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, "Вега" компаниясынын кызматынан бир нече КМШ өлкөлөрү баш тартышкан.

"Вега" компаниясы таптакыр конкурска катышпашы керек эле. Анткени бул компания конкурстун талаптарына жооп бербейт жана керектүү тажрыйбасы жок. Сынактан жеңүүчү аталган биздин атаандашыбыз тендердик арызында жол эрежелерин бузган унааларды сүрөткө тарта турган аппаратты көрсөткөн. Ал аппарат жараксыз экенин коомчулукка жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө айта кетүүнү туура көрдүм.

Бир гана мисал келтирейин. Жогоруда айтылган аппарат саатына 124 чакырым ылдамдыкта бара жатат делген таштанды ташуучу унааны сүрөткө тарткан. Ал оор унаа болгону үчүн эч качан анчалык катуу ылдамдыкта жүрө албайт. Ушундан улам суроо туулат. Мындай камераларды Бишкектин көчөлөрүнө орнотууга ким кызыкдар? Ушул сыяктуу кемчиликтери үчүн "Вегадан" бир топ КМШ өлкөлөрү баш тарткан", - деди Юрий Катютин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akshumkar
2018-10-04 15:18:20
Оо мына эми точна отпойт тендер дагы эле баягы арабабызды суйройбуз. Бул саясат эптеп коопсуз шаарды откорбоздун айласы анткени акча сол чонтоко тушпой калат да.
+1
Sahka
2018-10-04 15:28:23
Бул дагы бироонун заказы да.
+1
bekmirzach
2018-10-04 15:38:10
Юрий Катютиндин айткандары тендерден утулуп калгандагы ич күйдүлүк ызадан айтылган кеби деп түшүнөм. Эмнеге анда ушунун баарын тендер учурунда айтып көрбөй калгандарга көрсөткөн эмес.
0
Natun
2018-10-04 15:46:10
Мышык майга жетпей сасык дептир деегнден болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан