"Айтматов жана доор чакырыктары" деген эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышы өтүүдө

"Биз, кыргыздар сыймыктанчу, дүйнөлүк маданиятка кошкон салымыбыз - бул улуттук улуу дөөлөтүбүз "Манас" жана Чыңгыз". Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда "Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары" деп аталган III эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Президенттин айтымында, "Манас" эпосу жана Чыңгыз Айтматов адамзат үчүн кайталангыс, уникалдуу, көөнөрбөс баалуулук.

"Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана ал негиздеген Ысык-Көл форумуна кош келиңиздер! 1986-жылы дал ушул жерде дүйнөнүн көрүнүктүү 17 инсаны глобалдык цивилизациянын ошол учурдагы көйгөйлөрүн жана келечектеги тобокелчиликтерин талкуулоого чогулушкан эле. Алар адамзаттын аң-сезими саясаттын туткунунда калып, ой жүгүртүүсү ядролук коркунучка келгенин сезишкен.

Чыңгыз Айтматов демилгелеген Ысык-Көл форуму дүйнөлүк аренада түзүлгөн ошол мезгилдин чакырыктарына жаңычыл жооп сунуштаган. Мына ошол биринчи форумдан бери 32 жыл өттү. Айтматов баштаган асыл жөрөлгө кийин Европа, Латын Америкада уланды", - деди Жээнбеков.

Форумдун ачылышында Айтматов тууралуу кыскача тасма көрсөтүлүп, андан кийин президент Жээнбеков жана башка чет өлкөдөн келген конокторго сөз берилди. Форумга катышуу үчүн 25 өлкөдөн 150дөн ашык маданият, адабият өкүлдөрү келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан