"Адамды адам кыла турган руханий баалуулуктар төмөнгө түшүп кетти". Мындай пикирин SUPER.KG'ге казак элинин акыны, жазуучусу Мухтар Шаханов бүгүн, 5-октябрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган III эл аралык Ысык-Көл форумуна катышып жатып билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүштү дүйнө эли башынан өткөрүүдө.
Жазуучу Мухтар Шаханов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов демилгелеп 1986-жылы өткөн Ысык-Көл форумуна да катышкан.
"1986-жылы өткөн Ысык-Көл форумунда Айтматов мага кайрылып, "сен баяндама жаса" деди. Ошентип мен баяндаманы ыр менен жасап, көптөгөн маселелерди көтөргөм. Азыркы учурда материалдык байлык, спорт, жеңил маанидеги ырлар биринчи катарга чыгып кетти. Ал эми адамды адам кыла турган руханий байлыктар 6-7-катарга түшүп кетти. Ошондуктан азыркы кезекте биз ушул маселени көтөрүп, анын үстүнөн ойлонушубуз керек.
Руханий жактан төмөндөп, китеп, гезит, журнал окубай турган заман болду. Казакстанда гезит-журнал саткан күркөлөрдүн баарын жаап салышкан. Азыр Казакстанда бийликтеги адамдарды гана мактоо керек. Ошондо гана дурус деп ойлошот. Муну менен күрөшүү керек", - деди Мухтар Шаханов.
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган форум бүгүн, 5-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында өтүп, 6-8-октябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылат. Форумга катышуу үчүн 25 өлкөдөн 150дөн ашык маданият, адабият өкүлдөрү келишкен.