Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргыз жеринин аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"8-10-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн. 8-9-октябрда Кыргыз жеринин көпчүлүк аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөйт. 9-10-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -1…-3° градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге зыян алып келет", - деп айтылат маалыматта.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.