"Мен министр болуп иштегенден бери Кытайдын "Эксимбанкынан" кредит алына элек. Мен Кытайдан карыз албоо тууралуу өкмөткө сунуш киргизгем”, - деп каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Мамлекеттин тышкы карызынын 44,8 пайызы Кытайдын "Эксимбанкына" туура келет. Бул акчалар негизинен жол курууга, энергетика жана жылуулук берүү тармактарына жумшалган. Тышкы карызды төлөөнүн оор учурлары 2023-2031-жылдарга туура келет. Анын эң чоң көлөмү 2027-жылы төлөнөт. Биз учурда тышкы карызды кечүү же төлөө шарттарын артка жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз.
Учурда мамлекет үчүн тышкы карыздарды жана гранттарды 35 пайыздык минималдык ченем менен алуу каралууда. Ал эми мен министр болуп келгенден бери Кытайдан кредит алына элек. Кытайдан карыз албоо боюнча өкмөткө сунуш берилген”, - деди каржы министри.
Адылбек Касымалиев каржы министри кызматын 2015-жылдын май айынан тарта аркалап келет.