Депутат: "Канаттуулардын оорусу тууралуу тарап жаткан маалымат ишкерлерге бут тосушу мүмкүн"

Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Рада Туманбаева Казакстандан келип жаткан канаттуулардын этине убактылуу чектөө киргизүү тууралуу такталбаган маалымат тарап жаткандыгын айтып чыкты.

Эл өкүлү аталган маалымат канаттуулардын этин ташып иштеген ишкерлердин жумушуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин айтып, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция бул боюнча маалымат бербей жатканын сынга алды.

"Ушул жылдын 9-октябрынан бери Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция тарабынан интернет булактарына токтом жайылууда. Ал токтомдо Ветеринария жөнүндө мыйзамына негизделип канаттуулар оорусу боюнча иликтөө тууралуу сөз болуп жатат. Ошого ылайык, Казакстандын канаттууларынын этине убактылуу тыюу салуу боюнча жана маалымат таркап жатат.

Тамак-аш коопсуздугу адамдын ден соолугуна түздөн-түз тийиштүү. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине аталган инспекциядан маалымат келип түшкөн жок. Мындан сырткары мамлекеттик телеберүү жана радиолорго бул тууралуу айтылган жок. Ошондой эле аты аталган инспекция бул маалыматтын чын-төгүнү тууралуу маалымат берген жок. Бул маалыматтар менен ушул тармактагы керектөөчүлөрдүн укугун жана ушул тармактагы ишкерлердин жумушуна тоскоолдук көрсөтүп жаткан жокпузбу? Казакстандын айыл чарба министри бул маалыматты төгүнгө чыгарууда", - деди Түмөнбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан