Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жарандарынан опузалап акча жана алардын документтерин тартып алган кылмыштуу топ кармалды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ жакынкы күндөрдө кармалган. Топтун мүчөлөрү өздөрүн криминалдык авторитеттин жана уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин атынан кылмыш иштерин жасап жүрүшкөн.
"Жабырлануучулар кылмыштуу топтун жасаган иштерине карата арыз жазуудан баш тартып келишкен. Качан гана аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, алар арыз жазышкан", - деп жазылат маалыматта.
Ушул жылдын 28-июлунда топтолгон маалыматтар боюнча Москва шаарынын Нагорный районунда кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде кылмыштуу топтун арасында 8 Кыргыз жараны бар экени аныкталып, аларды кармоо иш-аракети жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында кармалган жарандардын арасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1992-жылы туулган Мадияр Касымбеков менен Сузак районунда 1993-жылы туулган Аскар Абдилманап уулу бар болгон. Алар мыйзамдагы ууру К.К. атын пайдаланып, ири өлчөмдөгү акчаларды жарандардан талап кылып келишкен.
"Москвадагы такси унааларды токтотуучу жайларда иштеген жарандар ар кандай арыздар менен кайрылышкан. Алардын бири Москва шаарына бир нече ай мурун иштөө үчүн келген. Андан октябрь айынын башында 20 миң рубль акча талап кылгандан улам ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Жабырлануучу Орусияга келүү үчүн унаасын сатып, такси токтотуучу жайда келишим түзбөй иштей баштаган. Бул жерден ал Аскар жана Мадияр аттуу балдарды жолуктурган. Алар август айында тапанча менен коркутуп, күч колдонуп анын 1600 долларын, телефонун жана баалуу буюмдарын тартып алган. Ошондой эле аты аталган эки жаран аны токойго алып барып, айдоочуларды сабап, эгер алардын талаптарын аткарбаса ушундай жаза күтөрүн айтып, акча талап кылышкан", - деп жазылат маалыматта.
Келип түшкөн арыздын негизинде кылмыштуу топту кармоо операциясы жүргүзүлүп шектүүлөр колго түшүрүлгөн. Таксомотордук ишкананы текшерүүгө алганда 10 миң рубль, пневматикалык тапанча, 54 даана айдоочулук күбөлүк, Кыргыз жарандарына таандык 35 даана паспорт, 3 аскердик билет табылган. Мындан тышкары жабырлануучуга таандык кол саат алынган.
Учурда ИИМдин Москва шаарынын Нагорный району боюнча тергөө кызматы тарабынан жабырлануучунун арызы боюнча таксопарктын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Жогорудагы эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени такталууда.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү жарандардан жабыркаган болсо ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылышса болот.