Бишкекте көчөлөрдү кардан тазалоо үчүн миңдей жумушчу таңкы саат 5:00дөн баштап иштеп жатат

Бүгүн, 17-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында алгачкы кар жаады. Бишкек шаарындагы "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таң эртеден бери борбордогу көчөлөрдү тазалап жатышат.

Аталган ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева SUPER.KG порталына билдиргендей, кызматкерлер бүгүн таңкы саат 5:00дөн бери иштеп жатат.

"Биринчи Май районунун аймагында көчөлөрдү кардан тазалоо үчүн 151 кызматкер, 26 таштанды ташуучу, 10 ДЭУ унаасы жана 11 атайын техника тартылган. Октябрь районунун аймагында 126 көчө шыпыргыч, 10 атайын техника, 23 жүк ташуучу жумушчу тартылган. Ленин районунун аймагында 143 көчө шыпыргыч, 33 жүк ташуучу кызматкер, 10 ДЭУ унаасы, 12 атайын техника тартылган. Ал эми Свердлов районунда 134 көчө шыпыргыч, 23 жүк ташуучу кызматкер, 10 ДЭУ унаасы жана 11 атайын техника иш алып барууда", - дейт Каракеева.

Санитардык тазалоо иштеринде 574 көчө шыпыргыч, 47 атайын техника иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Komrad
2018-10-17 10:23:32
Ушул темпте кеткиле, кар калын жааганда былтыркыдай тондуруп таштап койбогула
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан