Депутат: "Мурунку социалдык өнүктүрүү министри кызматтан кеткенине карабай жумушуна келип буйруктарды чыгарып жатыптыр"

Депутат Аида Касымалиева мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова кызматтан кеткенине карабай буйрук чыгарып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда парламенттин жыйынында айтты.

"Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматтан кетсе дагы чыр токтогон жок. Ал министр кызматтан кетсе дагы жумушуна барып мыйзамсыз токтомго кол коюп, мыйзамсыз кызматкерлерди иштен кетирип жатат. Мага кызматкерлер чалып жатышат.

Биздин Ысык-Көлдөгү көчмө жыйында айтылды, элдин көбү жөлөк пул ала албай жатканда 1 миллиард 300 миллион сом үнөмдөп калышкан. Ал акчага 59 унаа жана интернаттарды оңдойм деген каты бар экен. Муну каржы министринин орун басары да тастыктады. Мен аны текшерүүгө берем. Өкмөт өкүлү жазып алсаңыз, ал жакка Башкы прокуратура жана Коррупцияга каршы кызматы дагы барып текшериши керек. Эмне үчүн министр кызматтан кеткенден кийин ар бир акимди чакырып алып, үнөмдөө боюнча сөз жүргүзүп жатат. Бул деген кылмыш, жумуштан кеткенден кийин мамлекеттин ишине кийлигишип жатат", - деди Касымалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
wwwbaxa
2018-10-17 14:16:35
Богун тазалап атат да эртен сасыбасын деп
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан