"Жетекчилик Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы маалымат катчы Анара Мамбеталиеваны сүйлөшүүгө чакырды", - деп бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына аталган инспекциянын кабылдамасынан кабарлады.
Кабылдамадан билдиргендей, инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушев менен Анара Мамбеталиева жолугат. "Жетекчибиз жолугушуудан кандай чечим кабыл алынганы тууралуу Мамбеталиева өзү жооп берет деп айтты", - деп билдирди кабылдамадан.
Буга чейин Мамбеталиева жумушунан мыйзамсыз алынганы тууралуу мекемелер аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланган.
Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган.
Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.