Анара Мамбеталиева аны кызматка кайра алуу боюнча буйрук чыкканын айтты

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиеваны кайра кызматка алуу боюнча буйрук чыкты. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, 19-октябрдан тарта ал иш ордуна бармакчы. Бүгүн инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушев Анара Мамбеталиева менен жолуккан. "Жетекчибиз жолугушуудан кандай чечим кабыл алынганы тууралуу Мамбеталиева өзү жооп берет деп айтты", - дешкен мекемеден.

Буга чейин Мамбеталиева жумушунан мыйзамсыз алынганы тууралуу мекемелер аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланган.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган.

Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
romaantik
2018-10-17 19:22:25
Азаматсыз эже анча мынча эркектин колунан келбей турган ишти жасадыныз. Аз да болсо адилеттулук болду. Мындан ары иштериниздерге ийгилик.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан