Депутат Карамушкина: "Дыйкандар картошкаларын сата албай убара болуп жатышса биздин базарларда сырттан келген жемиштер сатылууда"

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина шаар базарлары менен ири дүкөндөрдө сырттан келген жашылча-жемиштер басымдуу экенин белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-октябрда парламент жыйынында билдирди.

Депутат Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы министрлиги өз ишин так, толук кандуу аткарбай жатканын сынга алды. Ошондой эле ал быйыл өндүргөн дыйкандардын азыктарына өкмөт сатууга жолдорду таап бериш керек деген пикирин айтты.

"Өкмөт быйыл февралда Өзбекстан 500 тонна картошка сатып алууга даяр экенин билдирген. Бүгүнкү күндө өзбек тарап картошка алуудан баш тартты. Себеби эмне? Биздин дыйкандарга жардам берүү үчүн аталган министрлик кандай аракет кылды? Бүгүнкү күндө дыйкандар 5 сомдон сата албай жатышат, алардын сактаганга шарттары жок.

Биздин өлкөдө өндүрүлгөн товарлар рыноктон күч менен четке сүрүлүүдө. Түштүктө тоннадан ашык алма жыйналыптыр, былтыр алар алмасын 50 сомдон сатышса, быйыл 25 сомдон дагы сата албай жатышат. Бирок учурда биздин базарларда Кытайдан, Польшадан келген алмалар 60 сом, жүзүм 90 сомдон сатылып жатат", - деди Карамушкина.

Дыйкандардын эмгеги акталбай, баалардын түшүп кеткени боюнча кеңири маалымат менен таанышыңыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Janyjol.86
2018-10-18 13:02:21
Эл суйлосо дагы сен суйлобочу
-4
Aikaaaa
2018-10-18 15:04:47
Туура айтат, өзүбүздүкүн киргизиш керек, башкалардыкын коё туруп
+1
Missing-u
2018-10-18 15:44:30
Адамдар азыр тандап жеп калышты,мурункудай барбы бар деп ала беришпей калды ошон учун дыйкандар продукциянын сапатын жакшыртуу жактарын да караш керек. Дыйкандар кобунесе бул нерселерге конул бурушпайт,бироо чеснок эксе калганын баары чеснок эгип албай башка продукцияларды да караш керек,мисалы лимон кымбат Озбекистандан алып чыгып сатышат а ошону озубуздо эгип сатса албай коебузбу? Банан,ананастар да ошол жактыкы биздикилер кылса болбойбу? Парник кылып иш баштайын деп жакшы киришкенде налог деп
+2
Missing-u
2018-10-18 15:48:17
Missing-u,келишет,иш баштайын десен буттан чалат. Мамлекет кресло алмаштырганды коюп ушундай жактарды караса болбойбу?! Президент шайланганына бир жыл болду Арменияны 100 кундо канча озгоруш жасатып койду а биздикилерчи?! Же аларда башкача кол,бут барбыкен. Жооок биздин бийлике дагы убакыт керек деп отура бергиле,моюнга алалы кошуна мамлекеттерден 5-10 жыл артта калганбыз даже андан да кобурок моюнга алгыбыз келбейт. Иштегенге шарт жок,иш баштасан буттан чабат анан айла жок мигрант болушат
+1
Missing-u
2018-10-18 15:51:54
Missing-u,дагы жыргаткансып мигранттар мынча акча которуп койду деп отурушат,жаман соз дагы айып бийлике,жаман создун эн жаманына да татыбайсынар силер. Олкодо бир грамм озгоруу жок! Не десе коррупция м н курошуп жатат дейт,коррупция м н курошмок тугул олуп кетсенер да ыраазы эл! Же наалат урбады силерди тооба кылдым! Эл озу да куноолуу мин сом алып шайлаган,ишинден бошотом десе коркуп шайлаган,жинин келгенден ошо мин сомду жеп отура бергиле дегин келет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан