"Кыргызстан" фракциясы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына 3 адамды сунуштады

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына 3 адамды сунуштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Нурбек Алимбеков билдирди.

Маалыматка караганда, талапкерлердин ысымдары өкмөткө жиберилди.

"Биздин фракция министр кызматына Кыялбек Мукашев, Бактыбек Кудайбердиев жана Кудайберген Базарбаевди сунуштады. Эми өкмөт буларды изилдеп чыгып, бирөөсүн тандайт", - деди Алимбеков.

Кыялбек Мукашев 2010-жылы жана 2012-2013-жылдары социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын аркалап келген. Кийин Экономика министрлигинде бөлүм башчы болуп эмгектенген.

Ал эми Бактыбек Кудайбердиевдин да социалдык өнүктүрүү тармагында аймактык жетекчи болуп иштегени айтылууда.

Кудайберген Базарбаев болсо 2007-жылы өкмөттүн аппаратын жана БШКны жетектеп келген. 2013-2016-жылдары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп иштеген.

Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Таалайгүл Исакунова жана анын 3 орун басары тең буга чейин кызматтан кеткен. Министр Таалайгүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытова чет өлкөгө жасаган сапарларынан улам кызматтан кетсе, дагы бир орун басары Зууракан Каденова Сеул шаарындагы учактагы окуясынан улам иштен алынган. Ал эми үчүнчү орун басары Жылдыз Полотова өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUMKA
2018-10-19 09:31:52
Бакыт Эсенбекович татыктуу кадр. Башкармалыкты башкарып турган мезгилде озунун жонокойлугу, иштин козун билгендиги менен айрымалана алган. Министрликти жеткетеп кеткенге бугун бышып жетилген кадр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан