"Азыркы учурда картошканы чек арадан өткөрбөй жатканы боюнча дыйкандардан арыз түшө элек". Мындай маалыматты SUPER.KG порталына айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
Ал маселени чечүү боюнча Өзбекстандын премьер-министри менен сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
"Былтыр Өзбекстан бизден көп картошка алган. Болжолдуу 350 миң тоннага чейин жөнөткөнбүз. Ушул жылдын жаз айларынан баштап биздин картошкаларды бир тараптуу өткөрбөй жатышат. Алар, балким, өздөрүнүн өндүрүүчүлөрүн коргодубу, айтор, "картошкадан оору табылды" дешкен. Биздин картошкаларда оору жок.
Премьер-министр менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри жакында Тажикстанга жасаган сапарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүшкөндө ачылары айтылган. Азыркы учурда картошканы чек арадан өткөрбөй жатканы боюнча дыйкандардан арыз түшө элек. Дыйкандар картошканын килограммын 6-8 сомдон сатып жатышат. Ортомчулар бааны түшүрүп салышууда. Учурда базарларда, маркеттерде 12 сомдун тегерегинде сатылып жатат", - деди Керималиев.
Ал учурда сарымсак да арзан болуп жатканын айтты. "Сарымсак маркеттерде килограммы 72 сомдон, бирок дыйкандар 10-12 сомдон сатып жатышат", - деди ал.
Парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина дыйкандар картошкасын сата албай жатканын, Өзбекстан бир тараптуу киргизбей койгонун айтып чыккан.
Дыйкандардын эмгеги акталбай, баалардын түшүп кеткени боюнча кеңири маалымат менен таанышыңыздар.