Депутаттар маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин колдоду. Мындай чечим бүгүн, 25-октябрда парламенттин жыйынында белгилүү болду.
Каттоодон 111 депутат өткөн, 105 депутат "макул" деп добуш берди, 6 депутат добуш берген жок.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Азамат Жаманкулов депутаттардын колдоп бергенине ыраазычылык билдирип, ишенимди аткарууга болгон аракетин жумшай турганын кошумчалады.
Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү көз жумган.