Бишкекте үч унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен Лексус унаасы изделүүдө

Бишкекте үч унааны сүзүп кеткен Лексус унаасы жана анын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгы бүгүн, 1-ноябрда саат 10:20 чамасында Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Лексус унаасын Daihatsu, Hyundai, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү машиналарды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда изделүүдө. Ал эми жол кырсыгынан жабыркагандар жок", - деп билдиришти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2018-11-01 16:50:08
Бардык жерде камера бар бат эле тапса керек
0
engel
2018-11-01 17:05:33
Табышса мурдумду кесип берем
+1
TalaCSKA
2018-11-01 17:44:28
Ичип алса керек ошону учун качып кетти да соолукканда келет калпы коркуп качып кеткем деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан