Бишкекте кийим сакталган кампа менен 3 кабаттуу үй толугу менен өрттөнүп кетти. "Ыйлагандан башка аргабыз жок" дейт жабырлануучу (фоторепортаж)

Бишкек шаарындагы Элебесов-Витебск көчөлөрүнүн кесилишиндеги сатыктагы кийимдерди сактоочу кампа жана турак жай кечээ түнү толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө.

Бир короодо жайгашкан кампа менен 3 кабаттуу турак жайдан эч нерсе калбаганын окуя болгон жерде өзүн үй ээсинин тууганымын деп тааныштырган Алексей аттуу тургун айтып берди.

"Кампа менен 3 кабаттуу турак үй бир жер тилкеде жайгашкан. Кампа жагы өзүнчө бөлүнгөн болчу, турак үй 3 жылдан бери суусу өчүрүлүп, электр энергиясы толугу менен өчүк бойдон турган. Учурда кампаны ижарага алгандар өрт турак жайдан чыккан деп күнөөнү оодарып жатышат. Ал эми чынында, кампа жактан чыкканын күбөлөр да айтып жатат. Үй ээси 83 жаштагы баса албаган кемпир, мен бул жерди агенттиктер аркылуу ижарага берип иштетип келгем. Мындан 3 жыл мурун бул жерде Түркиядан алып келинген кездемелер сатылчу. Кийин алар көчүп кетип, ижарачылар Кореядан алып келинген "секонд хэнд" кийимдеринин кампасы катары колдонуп келишкен. Акыркы күндөрү 3 кабаттуу үйдү мейманканага ижарага берели деген ой менен кардар издеп жатканбыз, бирок ал ой ишке ашкан жок. Азыр эмне кылам билбейм, ыйлагандан башка арга жок. Канчалаган жыл бою салынган, көптөгөн эмгектин арты менен курулган нерсе бир заматта өрттөнүп кетти", - дейт ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылганын маалымдашты.

"Мага кошуналар чалып өрт чыкканын айтышты. Мен дароо жетип келдим, бирок эч нерсе кыла алган жокмун. Жалпы 5 өрт өчүрүүчү унаа келди, дагы жакшы өрт башка үйлөргө өтүп кеткен жок. Бирок нааразы болгонум - өрт өчүрүүчүлөрдүн иш алып барганы болду. Сууну имараттын ичиндеги өрткө эмес, үйдүн сыртына эле чачып жатышты. Мен ага жинденип уруша да кеттим", - деп кошумчалады фамилиясын айткысы келбеген Алексей аттуу тургун.

Кийим сактоочу кампадагы өрттөн 3-кабаттуу үй да күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2018-11-06 15:36:00
Уй контейнерден салынган экен. Мындай уйлордун ичи-тышын пенопласт менен жылуулап сыртын пластик материял менен жасашат. Андай материялдар бат куйот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан