Бишкек шаарында 21-октябрь күнү кечки саат 19:45 чамасында Токтоналиев жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа менен Тойота унаасы сүзүшүп, Тойота унаасынын айдоочусу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болуп калган. Маркумдун жакындары жол кырсыгына күнөөлүү болгон эки адам аны сабап, натыйжада окуя болгон жерде каза болуп калганын айтып чыгышкан. Кылмышка шектелип Лексустун айдоочусу менен жүргүнчүсүнө кылмыш иши козголуп, алар камакка алынган.
Буга чейин кылмышка шектелип кармалган Лексустун жүргүнчүсүнүн жубайы бул окуя тууралуу өз пикирин билдирип, SUPER.KG'ге жол кырсыгы катталган учур түшкөн видео менен бөлүшкөн. Бүгүнкү күндө кылмышка шектелип кармалган жарандын жубайы Зейнеп Сулайманкулова жол кырсыгы болгон жерде плакат менен окуянын күбөлөрүн издөөдө.
"Бул кадамга аргасыздыктан барып жатам. Жекшемби күндөн бери жол кырсыгы болгон жерге плакат менен чыгып, окуянын күбөлөрүн издеп жатам. Жолдошумдун күнөөсү жок экенине ишенем жана аны далилдегим келет. Үч балабыз бар, аларды калтырып коюп жумушка барам, жумушка чейин, жумуштан кийин көчөдө күбө издеп турам.
Жол кырсыгы болгон жерде эч кандай мушташ болбогонун көргөн күбө, каза болгон жаран кулаганда чуркап келип алгачкы медициналык жардам көрсөткөн адам бар экенин билем. Азыр ошол кишилерди издеп жатам. Алар тергөөнүн жүрүшүндө жардам бере аларына ишенем. Бир күбө мага чалып, ортодо эч кандай мушташ болбогонун билдирди. Анын айтымында, ал Лексустун айдоочусу тил кат жазып бергенин көргөн экен. Бирок милицияга барып көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Себеби ал аны милиция ар кайсы жакка "сүйрөйт" деп коркуп жатат. Баарын түшүнөм, алардын да үй-бүлөсү бар, балким, жакындары пикирлерин буруп коюшу мүмкүн. Бирок бул жерде адамдын тагдыры чечилип жатканда кайдыгер калбоого чакырып, жол кырсыгынын күбөлөрүн издейм", - дейт З.Сулайманкулова.