Чаткалдагы кенге байланыштуу жаралган нааразычылыктан 3 киши жабыркады. Учурда териштирүү жүрүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында кенге байланыштуу жаралган нааразычылыктан үч киши жабыркады. Алар атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү. Жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрү жана ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жерине барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул боюнча кененирээк ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов буларды билдирди.

"Окуя 5-ноябрда болгон. Буга чейин Чаткалдын Терек-Сай айылындагы "Эки Бакыр" ЖЧКсынын алтын чайкоочу фабрика курушуна жергиликтүү калк нааразычылыгын билдирип келген. Окуя болгон күнү саат 11:00дөр чамасында кен иштетүүчү ишкананын аймагына белгисиз жаран уруксатсыз кирип жүргөндө атайын отряддын кызматкерлери ага аймакка кирүүгө тыюу салынарын айтып, аны чыгарышкан. Ошол эле күнү саат 12лер чамасында айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына 50-60тай жергиликтүү тургун чогулуп, нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Аларга айыл башчылыгы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп тараткан соң, саат 15:00дөрдө Портер жүк ташуучу унаасы менен 15тей айыл тургуну чогулуп келишип, кен иштетүүчү аймакты кайтарууга алган атайын даярдыктагы отряддын 3 кызматкерине кыр көрсөтүшкөн. Алар курулуп жаткан объектини таштап, кайтарууга албоо керектигин талап кылышкан. Натыйжада эки тараптын ортосунда кайым айтышуу жана жакалашуу орун алып, 3 кызматкер жеңил жаракаттар менен жергиликтүү ооруканага кайрылышкан. Мындан улам райондук жана айылдык деңгээлдеги жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кен иштетүүчү фабриканын ишмердүүлүгү мыйзамдуу экендигин айтып маалымат таратышкан. Ошондой эле эл менен жолугушууга ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков да барып, абалды турукташтыруу иш-чаралары жүрдү", - деп билдирди Сеитов.

Бакыт Сеитовдун айтымында, буга чейин кен иштетүүчү ишканадан сурьма жана башка заттардын уурдалып жатканы тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Ошол себептен ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери кезектешип аталган аймакты кайтарып турушкан. Бакыт Сеитов билдиргендей, учурда Портер унаасы менен келип кызматкерлер менен жаңжалдашкан адамдардын үстүнөн териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгына жараша окуяга юридикалык баа берилет.

Терек-Сайда кайтаруу кызматынын өкүлдөрүнө жергиликтүү эл кол салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Frunze2
2018-11-08 10:18:54
Бул бийликтен тунулуп кое бергиле. Бийликке ууру-каракчы чоо-кузгундар чогулуп алышкан. Алтын-кумуш кендеринен алардын сол чонтогуно коооп акча тушуп турат, алтын-кумуш тушуп турат. Элдин байлыгы таланып тонолгону, жаратылыштын бузулуп элге залакасы тийгени менен бийликтин иши жок.

Бир айыл эли жапырт нааразы болуп жатса, айыл эли менен эсептешуунун ордуна тиги компанияларды коргойт, ан кени алардын "акырынан жем жеп" журот да бийлик.....
0
Frunze2
2018-11-08 10:21:53
Мыйзамдуу имиш. Мыйзамдуу болуусу учун элдин уруксаты, макулдугу бооушу керек баарынан мурун. Булар болсо 100 сомдон лицензия сатып, олчойтуп пара алып документтерин тууралап берип, эми мыйзамдуу деп жатабы?!!

Мен айтып эле келем, Соке силерди сыздатат деп. Мына акыбети, Тогуз-Тороодо да карапайым эл куноолуу болуп кала берди, айрымдары камалып. Сокенин колунан жакшылык келбейт...

Ким Сокени шайласа, камчысын чапса, элдин каргышы тийер бир кун болбосо башка бир кун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан